Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өттү. Сүрөт

© Sputnik / Эркин СадыковМирный марш против внесения изменений в Конституцию в Бишкеке
Мирный марш против внесения изменений в Конституцию в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынчтык акциясынын катышуучуларынын айтымында, президенттик башкаруу формасы оңой эле авторитардык режимге ооп кетет.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкекте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы тынчтык маршы өттү. Жыйырмага чукул митингчи темир жол вокзалынын жанына чогулуп, Ак үйгө чейин жүрүш жасашты. 

© Sputnik / Эркин СадыковБишкекте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы тынчтык маршы өттү
Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өттү. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы тынчтык маршы өттү

Акциянын катышуучулары парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Алар, ошондой эле, президент шайлоо босогосун 3 пайызга түшүргөн мыйзамга кол коюшу керек деп эсептейт.

Трамптын тарапташтары каршылык акциясын уюштурушууда

Демонстранттардын айтымында, президенттик башкаруу формасы бат эле авторитардык режимге айланып кетет.

Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы парламенттик шайлоону 2021-жылга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун дароо эле үч окууда жактырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0