Асмандагы жылдыздар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар жакында жабыла учкан топ жылдызды көрө алышат

193
Жылдыздардын учканына байкоо салууга Ай тоскоол болбойт. Анткени Ай кичирейип, жаңылануу фазасына кирет.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. 17-ноябрга караган түнү Леонид метеориттер агымынын жогорку чеги күтүлүп жатканын Москва планетарийи билдирди.

Агым 6-ноябрда активдешип баштаган, ал 30 күнгө чейин уланат. Эң жогорку интенсивдүүлүктө саатына 15-20 метеориттин учуусу күтүлөт. Бир метеориттин ылдамдыгы болжол менен секундасына 71 чакырымды түзөт.

Эгерде күн ачык болсо, анда кыргызстандыктар жабыла учкан топ жылдызды көрө алышат. Байкоо салууга Ай тоскоол болбойт. Анткени Ай кичирейип, жаңылануу фазасына кирет.

Бишкектиктер тутулган күндү сүрөт, видеого тартып алышкан

Леонид метеориттер агымы Арстан жылдызынын атынан аталган. Леониддер күндүн тегерегинде 33 жылда бир айланган 55P/Темпель — Таттла куйруктуу жылдызынын (комета) калдыктарынан жаралган.

Агымдын кыймылы улам өзгөрүлүп турат. Бирок ар бир 33 жыл сайын ал күчөп, жылдыздуу жамгыр, нөшөр, жадагалса бороон түрүндө жерге "төгүлүп" турат. Мисалы, 1966-жылы саатына 10 миңге чейин метеорит учканы байкалган, башкача айтканда, секундасына дээрлик 30 жылдыз учкан.

193
Белгилер:
жылдыз, топ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кар жаап, күн сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

37
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

37
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив

Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

42
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр Ата көчөлөрүндө), "Арча-Бешик" (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана 55) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
42
Белгилер:
көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду