БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.
9-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ооруканаларда 134 бош орун бар.
- Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
- Улуттук хирургия борбору — 2;
- Улуттук госпиталь — 36;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 8;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 19;
- Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 26;
- Темир жол ооруканасы — 1;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 19;
- Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 8;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 9.
Жогору маалыматтарга таянсак, учурда Бишкектеги ооруканаларда 134 бош орун бар.
Кыргызстанда коронавирустан дагы беш адам кайтыш болду
Эске салсак, ушул тапта Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын ичинен 3 457 бейтап ооруканада дарыланууда. Алардын 1004үнүн абалы оор экени кабарланды. Өтө оор абалда жаткандар да бар.