Вице-мэр: жаңы жылга фейерверк, жасалга сатып алуудан баш тарттык

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева
Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-мэр колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө же жашоо шарты кыйын жалгыз бой энелерге Аяз Ата болууну каалагандарды мэрия менен кызматташууга чакырган.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Быйыл Бишкек шаарына жаңы жылдык фейерверк менен жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим мэриянын кызматкерлери жана калаа мэри Балбак Түлөбаев менен биргеликте кабыл алынган.

"Шаардын көчөлөрүн жана борбордук аянтты кооздоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон былтыркы жасалгалардын бардыгы пайдаланылат. Үнөмдөлгөн акча мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ошондой эле ардагерлердин белектерине жумшалат", — деп жазган Чыныбаева.

70 млн. сомдук зыянга учураткан. Финпол мэриянын экс-кызматкерин кармады

Вице-мэр колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө же жашоо шарты кыйын жалгыз бой энелерге Аяз Ата болууну каалагандарды мэрия менен кызматташууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0