Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку-Нарын ГЭС каскадына барган учурунда

Сот ишин маалымдап тургула. Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадына барды. Cүрөт

158
(жаңыланган 14:59 09.11.2020)
Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгилеген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадына барып, вахталык кыштакчанын жана аталган жабык акционердик коомдун мүлкүнүн абалы менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадына барып, вахталык кыштакчанын жана аталган жабык акционердик коомдун мүлкүнүн абалы менен таанышты
    Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадына барып, вахталык кыштакчанын жана аталган жабык акционердик коомдун мүлкүнүн абалы менен таанышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Өкмөттүн буйругуна ылайык, ал жердеги мүлктөрдү Электр станциялары коргоого алган
    Өкмөттүн буйругуна ылайык, ал жердеги мүлктөрдү "Электр станциялары" коргоого алган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган
    Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Курула турчу төрт гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк
    Курула турчу төрт гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадына барып, вахталык кыштакчанын жана аталган жабык акционердик коомдун мүлкүнүн абалы менен таанышты

Өкмөттүн буйругуна ылайык, ал жердеги мүлктөрдү "Электр станциялары" коргоого алган.

"Электр станциялары" компаниясынын төрагасы Жапаровго Жогорку Нарын ГЭС каскадынын учурдагы абалы жана анын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр туралуу маалымат берген.

Жапаров анын курулушу ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгилеген.

Кыргызстанда жар салынып, бирок ара жолдо калган ири долбоорлор

"Жапаров энергетикалык объектиге байланыштуу сот ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну тапшырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады", - деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, Жогорку Нарын каскадына ГЭС куруу аракеттери Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган келишимдин негизинде башталган. Курула турчу төрт гидроэлектр станциянын кубаттуулугу 327 мегаватты түзмөк. Бирок 2015-жылдын аягында Кыргызстан келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор кароо керектигин Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында билдирген. Келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзамга ошол кездеги мамлекет башчы 2016-жылдын 22-январында кол койгон, ал эми 9-августтан тарта келишим күчүн жоготкон.

Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 10-июлунда Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишим түзгөн. Аталган компания Кыргызстандын "РусГидрого" карыз болгон 37 миллион долларды төлөө милдетин алган. Бирок кийинчерээк ал компания төлөй албай калганы маалым болуп, келишим жокко чыгарылган.

Кийин "РусГидро" Жогорку Нарын каскадындагы ГЭС боюнча кыргыз тарапты Гаага сотуна берген.

158
Белгилер:
Садыр Жапаров, Жогорку-Нарын каскады, РусГидро, Кыргызстан
Тема:
Жогорку-Нарын каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жөнүндө макулдашууларды денонсациялоо (15)
Тема боюнча
Камбар-Ата-2 ГЭСинде оңдоо иштери жүрөт. Ири суммага тендер жарыяланды
Көчөдө беткап кийип бараткан кишилер. Архивдик сүрөт

Адис: коронавирус сасык тумоо менен грипптин катарына кошулуп келе жатат

0
"Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попова COVID эми жыл сайын суук түшкөн маалда келе берет деп божомолдоодо.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Коронавирус акырындык менен грипп, сасык тумоо сыяктуу сезондук инфекциялардын катарына кошулуп бара жатат. Бул тууралуу "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"COVID-19 башка вирустардай эле сезондук инфекцияга айланып бара жатат. Менимче, ал жыл сайын күн сууктаган маалда активдешет", — деди Попова.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылдын башында Европада коронавирустун үчүнчү толкуну боюнча коркунуч бар экенин эскертти.

Дүйнө жүзү боюнча алсак, коронавирус жуктургандардын саны 60 миллионго чукулдап калды. Бейтаптардын саны боюнча алдыңкы орундарда АКШ (12,5 миллион), Индия (9 миллион) жана Бразилия (6 миллион) мамлекеттери келе жатат.

0
Белгилер:
сасык тумоо, грипп, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Сагыз чайнаба, тамак ичпе! Коронавируска тест тапшырарда билип алчу эрежелер
Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев. Архив

Кыргыздын көрүнүктүү инсаны. Шабданбек Кулуевге жазылган некролог

48
Кулуев кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан болгону белгиленет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев узакка созулган оорудан улам 78 жаш курагында дүйнө салып, кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Бул туурасында президенттин аппараты тараткан некрологдо жазылган.

Анда Кулуев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРдин эл мугалими, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири экени белгиленген.

"Кыргыз улуттук маданиятына жана билим берүү тармагына, кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылган некрологдо.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы Жумгал, М. В. Фрунзе атындагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.

Мугалимдик кесип менен бирге журналисттик кесипти да айкалыштырып, "Кыргыз туусу" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. Нукура таланты менен керемет ырларды жазып, мыкты китептерди чыгарган. "Куланчы мерген", "Алас-алас", "Кийик-Сай", "Кылымдар жаңырыгы", "Сезим кайрыктары" ыр жыйнактары, "Мидин минткен экен" сатиралык аңгемелер жыйнагы, "Эл-жер баяны", "Өмүр издери" публицистикалык жыйнактары жарык көргөн.

1991-жылдан тартып Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

48
Белгилер:
автор, акын, оору, некролог, өлүм, Шабданбек Кулуев
Тема боюнча
КР гимнин жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды