Билим берүү министри II чейректе балдар кандай тартипте окуй турганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги окуучу сабак учурунда. Архив
Мектептеги окуучу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр азырынча Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал оор болгондуктан, 1-класстын гана окуучулары салттуу режимде окуй турганын билдирди.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. II чейректе мектептер ар бир аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша ачылат. Инфекция боюнча кырдаал оор болгон жерлерде окуучулар билим алуусун онлайн режимде улантат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мектептерди ачып, салттуу режимде окутуу маселесин Санэпидемкөзөмөл кызматынын жергиликтүү башкармалыгы менен штаб чечет.

"Эпидемиологиялык абал туруктуу делген аймактарда алгач мектепке 1-5-класстын жана 9-11-бүтүрүүчү класстардын окуучулары барат. Эгер абал туруктуу бойдон кала турган болсо, анда 15 күндөн кийин калган класстын окуучуларына мектептен билим алууга акырындык менен уруксат берилет. Мунун баарын жергиликтүү бийлик штаб менен акылдашып чечет", — деди Бейшеналиев.

Ал эми коронавирус көп катталып жаткан аймактарда окуучулар билимди аралыктан алып турушат.

Министр: мектеп директорлорун 5 жылга шайлоо механизми ишке кириши мүмкүн

Министр Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал оор болгондугуна байланыштуу мектепке 1-класстар гана барарын, калган окуучулар азырынча билимди онлайн режиминде улантарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 10-ноябрда аяктап, 11-ноябрда окуу башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0