Паркта милициянын формасы менен жаткан кишинин ким экендиги такталууда

Жазылуу
Маалыматка караганда, уктап жаткан кишини сүрөткө эртең менен тартып алышкан. Учурда Октябрь райондук милициясы анын ким экендигин тактап жатат.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Интернет айдыңына милиция кийимчен жерде жаткан кишинин сүрөтү тарап кеткен.

Сүрөттүн бүгүн эртең менен "Асанбай" паркында тартылганы, анын мас экени айтылууда.

Октябрь райондук милициянын маалымат кызматынан жарыяланып кеткен сүрөт боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты. Сүрөттөгү кызматкердин ким экендиги жана иштеген жери такталууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0