Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева COVID-19га чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармектер боюнча көйгөйлөрдү айтты

Эльвира Сурабалдиева дары кампасын текшерип, көйгөйлөр тууралуу айтты. Сүрөт

109
(жаңыланган 14:10 10.11.2020)
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун дары-дармек запасы менен таанышкан Сурабалдиева эми менчик фармкомпаниялардын кампаларын көрүп чыгууну пландап жатат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева COVID-19га чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармектер боюнча көйгөйлөрдү айтты.

  • Вице-премьер-министр КР Эльвира Сурабалдиева ознакомилась с работой Фонда государственных материальных резервов при ПКР по формированию запасов лекарственных средств, необходимых при лечении больных COVID-19. 09 ноября 2020 года
    Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева COVID-19га чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармектер боюнча көйгөйлөрдү айтты
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Вице-премьер-министр КР Эльвира Сурабалдиева ознакомилась с работой Фонда государственных материальных резервов при ПКР по формированию запасов лекарственных средств, необходимых при лечении больных COVID-19. 09 ноября 2020 года
    Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, ал Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коронавирусту дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын камдоо иштери менен таанышкан
    © Фото / пресс-служба правительства КР
  • Вице-премьер-министр КР Эльвира Сурабалдиева ознакомилась с работой Фонда государственных материальных резервов при ПКР по формированию запасов лекарственных средств, необходимых при лечении больных COVID-19. 09 ноября 2020 года
    Сурабалдиева белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда өлкөдө дары-дармек тартыш болуп, эки ай карантин учурунда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп өкмөт даярданганга жетишпей калган.
    © Фото / пресс-служба правительства КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба правительства КР
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева COVID-19га чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармектер боюнча көйгөйлөрдү айтты

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, ал Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коронавирусту дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын камдоо иштери менен таанышкан.

Сурабалдиева белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда өлкөдө дары-дармек тартыш болуп, эки ай карантин учурунда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп өкмөт даярданганга жетишпей калган.

COVID: көз жумган 1 182 кишинин жарымы Бишкек шаарында катталды

"Кагаз жүзүндө баары жакшы, ал эми иш жүзүндө абал башкача болду. Айрым дары-дармектердин баасы бир нече эсе кымбаттап, тартыштыгы жаралды. Ошондуктан COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн бекитилген №4 протоколго ылайык, дары-дармек каражаттарынын запасы менен жекече таанышууну туура көрдүм. Кызыкдар тараптардын уруксаты менен биз мамлекеттик кампалардан тышкары жеке фармацевтикалык компаниялардын запасы менен да таанышып чыгабыз", — деген Сурабалдиева.

Анын айтымында, учурда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү мезгилине атайын камдалган, эч ким тийбеген запастар болушу керек. Себеби COVID менен катар ар кыл вирустук оорулар күч алат.

"Өкмөт дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын жана медициналык мекемелердин кадрлар менен камсыздалышына өзгөчө көңүл бурууда. Алдыдагы 2-3 айга жеткидей дары-дармек бар, кезегинде ал толтурулуп турат. Мындан тышкары, республика боюнча дары-дармек каражаттары рыногундагы абал көзөмөлгө алынган. Аларга карата жасалма баалардын көтөрүлүшүнө жол берилбеши керек", — деген вице-премьер.

Өлүм тыйылбай койду. Кыргызстанда коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды

Маалыматка караганда, өлкө аймактарында курулган жугуштуу илдеттер ооруканасын жабдуулар, өзгөчө аймактардагы дарыгерлерди дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселесине басым жасалууда.

"Кампаларда тийиштүү запастар болгону менен "кызыл зонада" иштеп жаткан дарыгерлердин колуна алар жетпей жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө", — деген Сурабалдиева.

Ал кошумчалагандай, бул маселе көзөмөлгө алынган, мамлекеттин жана дарыланууга муктаж жарандардын кызыкчылыгына каршы багытталган аракеттерге чек коюлууда.

109
Белгилер:
запас, дары, коронавирус, Эльвира Сурабалдиева, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2405)
Тема боюнча
COVID-19: өлкөдө абалы оорлошкондор күн сайын көбөйүп жатат
Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев. Архив

Кыргыздын көрүнүктүү инсаны. Шабданбек Кулуевге жазылган некролог

48
Кулуев кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан болгону белгиленет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев узакка созулган оорудан улам 78 жаш курагында дүйнө салып, кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Бул туурасында президенттин аппараты тараткан некрологдо жазылган.

Анда Кулуев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРдин эл мугалими, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири экени белгиленген.

"Кыргыз улуттук маданиятына жана билим берүү тармагына, кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылган некрологдо.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы Жумгал, М. В. Фрунзе атындагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.

Мугалимдик кесип менен бирге журналисттик кесипти да айкалыштырып, "Кыргыз туусу" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. Нукура таланты менен керемет ырларды жазып, мыкты китептерди чыгарган. "Куланчы мерген", "Алас-алас", "Кийик-Сай", "Кылымдар жаңырыгы", "Сезим кайрыктары" ыр жыйнактары, "Мидин минткен экен" сатиралык аңгемелер жыйнагы, "Эл-жер баяны", "Өмүр издери" публицистикалык жыйнактары жарык көргөн.

1991-жылдан тартып Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

48
Белгилер:
автор, акын, оору, некролог, өлүм, Шабданбек Кулуев
Тема боюнча
КР гимнин жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды
Гуманитардык жүк. Архив

Россия Кыргызстанга гумжардам катары 9 миң тонна азык-түлүк жөнөттү

169
(жаңыланган 21:24 24.11.2020)
Россия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары тогуз миң тонна азык-түлүк жөнөттү. Бул туурасында Россиянын КРдеги элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратып берилмекчи.

"Россия Кыргызстанга 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды. Ал каражатка жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алынды. 25-ноябрда Бишкекте ун жана өсүмдүк майын тапшыруу аземи болуп, андан соң региондорго бөлүштүрүлөт. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда", — деп жазылат маалыматта.

Аны менен катар Россия өлкөдө тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча башка долбоорлорду дагы каржылоону уланта турганы белгиленет. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо дагы бар. Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 400 миң окуучу камсыздалган.

169
Белгилер:
азык-түлүк, гуманитардык жардам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия кимге кандай гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Маалымат картасы
Баткенде Өзбекстандын жардамы менен жугуштуу илдеттер ооруканасы курула баштады
Бишкекке Өзбекстандан гуманитардык жүк келди. Тизме
Турсунбек Жумабеков. Архив

Бүгүн дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетинен кайтты

0
(жаңыланган 23:08 24.11.2020)
Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон Турсунбек Жумабеков жарышка катышуудан баш тартып, арызын артка чакыртып алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен мамлекетти башкарууга ниеттенгендердин саны 47ге түштү.

Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

Эске салсак, шайлоого катышууга жалпы жонунан 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Ошентип Боршайком 63 атаандаштын документтерин кароого киришкен, алар менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

0
Белгилер:
каттоо, талапкер, шайлоо, БШК
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
БШК президент болом деген 12 талапкерди жарыштан четтетти
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду