Дарыгер: Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасоо керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Архив
Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космосбек Чолпонбаев 22-октябрь күнү №1 СИЗОдон жүрөгү ооруп, ооруканага түшкөн. Учурда абалы жакшырып, операцияга даяр болгону айтылды.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгүнө операция жасоо керек. Бул тууралуу маалыматты Sputnik агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акпай Сарыбаев тастыктады.

Чолпонбаев 22-октябрь күнү №1 СИЗОдон жүрөгү кармап, ооруканага түшкөн. Анын абалы оор болгондуктан, анда кан тамырлары текшерилген эмес. Эми абалы турукташтырылып, операцияга даяр болгону айтылды.

"Жүрөгүнүн кан тамырларын текшерип көрдүк. Дарыгерлер тамырларды кеңейте турган стенд коюлушу керек деген бүтүмгө келишти. Эгер ал бүгүн-эртең финансы маселесин чечпесе, кайрадан СИЗОго жиберилет", — деди Сарыбаев.

Эске салсак, 15-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Анын 15-ноябрга чейин тергөө абагында болору айтылган.

65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды

Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0