Балбак Түлөбаев Бишкектеги мектептер эмнеге ачылбай турганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги окучуу классы. Архив
Мектептеги окучуу классы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбак Түлөбаев балдар ооруп кала турган болсо, шаарда аларды дарылаган бир эле оорукана бар экенин айтып, элди туура түшүнүүгө чакырды.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев эмне себептен Бишкек шаарындагы мектептерде реалдуу окууга уруксат берилбегенин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, мамлекеттик, муниципалдык мектептерде окуучу абдан көп болгондуктан, алар ооруну бат жугузуп алышы ыктымал.

"Бишкекте 100 мектеп бар. Ал жакта адаттагыдан эки-үч эсе көп бала окуйт. Бир класста окуучулар 50-60тан тыгылып отуруп билим алышат. Кокус бири-бирине оору жугузуп алса, алардын убал-сообу кимге? Мындай жоопкерчиликти мойнума ала албайм. Калаада кырдаал турукташып, оңолмоюнча аларды реалдуу режимде окутууга уруксат бере албайм. Кырдаал азыр кыйын, балдар ооруп калса кайсы ооруканага жаткырабыз. Балдардын бир эле ооруканасы бар, ал жакта да 40 эле орун даярдалган. Оору аларга кандай реакция берет эч ким билбейт. Туура түшүнгүлө. Мен балдардын ден соолугун тобокелге сала албайм. Ошондуктан мамлекеттик мектептер ачылган жок", — деди Түлөбаев.

1-класстагылар да. Бишкек, Ош шаарында балдар азырынча онлайн окуйт

Мэрдин милдетин аткаруучу жеке менчик мектептерде баланын саны аз болгондуктан, реалдуу режимде окуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0