Өткөн суткада 400 кишиден коронавирус табылып, 532 бейтап айыкты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндөгү статистиканы кошкондо илдетти  жуктургандардын саны 64 360 адамга жетип, тилекке каршы, оорудан 1 188 бейтап көз жумду.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 400 кишиден аныкталып, 532 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Бишкек шаарынан эки, Баткенден бир жана Ош шаарынан бир медик оору илештирип алган. Ошол эле учурда 12 медицина кызматкеринин коронавирустан айыкканы айтылды.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 97;
  • Ош – 16;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ош облусу – 35;
  • Талас облусу – 19;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 78;
  • Баткен облусу – 37.

Вице-премьер Сурабалдиева: күндүзгү стационарлар азырынча ачылбайт

Айыккандар:

  • Бишкек – 128;
  • Ош шаары – 16;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 95;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 61;
  • Жалал-Абад облусу – 69;
  • Баткен облусу – 84.

Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын саны 64 360 учурга жетти. Анын ичинен 55 306 бейтап дартты жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0