COVID жуктургандардын ичинен 158 бейтаптын абалы өтө оор

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкерлери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикага таянсак, абалы өтө оор дегендердин саны күн санап өсүп жатат. Кечээ 141 болсо, бүгүн 158ге жеткен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 347 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен:

  • 53 — канааттандырарлык абалда;
  • 2 188 — орточо оор абалда;
  • 948 — оор абалда;
  • 158 — өтө оор абалда.

Статистикага таянсак, абалы өтө оор дегендердин саны күн санап көбөйүүдө. Кечээ 141 болсо, бүгүн 158ге жеткен.

COVID: өткөн суткада дагы үч киши каза тапты

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 850 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0