Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна алып келинди. Сүрөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМитинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке
Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев бронхит илдетине кабылган мурдагы президенттин  абалы жакшы болуп калганын, бирок дарылануусун улантып жатканын айткан.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда отурум башталып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Биринчи май райондук сотунда отурум башталганы жатат. Сот залына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди", — деп жазды ал.

Эске салсак, аталган сот процесси жабык режимде өткөрүлмөкчү.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев бронхит илдетине кабылган мурдагы өлкө башчынын абалы жакшы болуп калганын, бирок дарылануусун улантып жатканын айткан. Бүгүнкү соттук отурумга катышар-катышпасы анын абалына байланыштуу экенин кошумчалаган эле.

Мурдагы президент кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Ал, мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

Жактоочу: Атамбаев жакшы болуп калды, бирок дагы деле дарыланып жатат

Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан

Жаңылыктар түрмөгү
0