Каракол шаарына убактылуу жаңы жетекчи дайындалды. Ал 29 жашта

© Фото / пресс-служба мэрии города КараколИсполняющий обязанности мэра Каракола Эрмат Джумаев
Исполняющий обязанности мэра Каракола Эрмат Джумаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучу Жумаев буга чейин жергиликтүү "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы болчу.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. 29 жаштагы Эрмат Жумаев Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Мэрдин милдетин аткаруучу жамаатка тааныштырылып, ишин баштаганы айтылды.

Өкмөттүн өкүлчүлүгү кабарлагандай, шаардык кеңештин мөөнөтү жазында эле бүткөн. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

"Шаардык кеңеш кайра шайланып келип, жаңы мэр дайындалганча мэрдин милдетин Жумаев аткарып турат. Буга чейин аталган кызматты Адыл Каниметов жетектеп келген, октябрь окуяларынан кийин ал кызмат ордунан бошотулган", — деп айтылат маалыматта.

Каракол шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, Жумаев буга чейин жергиликтүү "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы болчу.

Ысык-Көлгө өкмөттүн жаңы өкүлү дайындалды

Өкмөттүн өкүлчүлүгү Балыкчы шаарына да мэрдин милдетин аткаруучу дайыдалганын кошумчалады. Ал 37 жаштагы Азамат Арнабек уулу. Маалым болгондой, ал буга чейин шаардагы жаштар кеңешин жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0