Атамбаев соттон тарапташтарын бошотуп, өзүн абакта калтырууну өтүндү

© REUTERS / Vladimir PirogovКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралып жатат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттон аны абакта калтырууну суранды. Бул туурасында анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.

Эске салсак, бүгүн Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын баш коргоо чарасы каралып жатат.

"Сотко бир өтүнүчүм бар, мени абакта калтырыңыз. Ансыз деле мени 11 жылга колонияга кесишти, бирок мага карата бир дагы көрсөтмө жок. Баарын убакыт далилдейт, чындык жеңерин билип турам. Үсөнбек Ниязбековду ким өлтүргөнү тастыкталат. Канат Сагынбаев, Фарид Ниязов мени сатып кетпегени үчүн отурат. Мен баарын көтөрөм. Үй камагына чыгарылгандар үй камагында калсын. Ал эми камакта отургандар бошотулушу керек", — деп кайрылган Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү тарады

Белгилей кетсек, Атамбаевди элдик толкундоодо 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.

Ага чейин кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0