Өкмөт үйүнүн алдында төртүнчү митинг өтүп жатат. Талаптары

© Sputnik / Эркин СадыковӨкмөттүн үйүн алдындагы жер тилке маселеси боюнча митинг
Өкмөттүн үйүн алдындагы жер тилке маселеси боюнча митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга чыккандар жер алууга акча берип, бирок ээлик кыла албай 11 жылдан бери убаракерчилик тартып жүрүшкөнүн айтат.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында бүгүн дагы жер тилке маселеси боюнча 50 чамалуу жаран митинг өткөрүүдө.

© Sputnik / Эркин СадыковӨкмөттүн үйүнө бүгүн дагы жер тилке маселеси боюнча 50 чамалуу жаран митинг өткөрүүдө
Өкмөт үйүнүн алдында төртүнчү митинг өтүп жатат. Талаптары - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн үйүнө бүгүн дагы жер тилке маселеси боюнча 50 чамалуу жаран митинг өткөрүүдө

Алар жер алууга акча берип, бирок ээлик кыла албай 11 жылдан бери убаракерчилик тартып жүрүшкөнүн айтат. Аламүдүн районунда 1000ге чукул адам жеринин документин бүтүрө албай жатканы белгиленди.

"Аламүдүн айыл өкмөтү бизден 11 жылдын ичинде алды 10 миң, арты эки миң долларга чейин акча алып, жер тилкеге токтом чыгарып берген. Бирок документин толук бүтүрбөй ана-мына чечилет деп созуктурууда. Кийин акимчиликке барганбыз, анда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Мирбек Мияров жана бир орун басары келип, "11-ноябрга чейин чечип беребиз" дешкен. Бирок жыйынтык жок болгонуна байланыштуу бул жерге митингге чыгып жатабыз", — деп айтып беришти акциянын катышуучулары.

Ошондой эле алар алган жерине үй сала албай, ар жерде батирлеп жашап жүрүшкөнүн белгилешти.

Ушуну менен өкмөт үйүнүн алдында катары менен төртүнчү акция өтүп жатат.

Имараттын чыгыш тарабында "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери митинг кылууда. Алар нааразычылык акциясын октябрдын аягында эле башташкан. Чогулгандар компаниянын азыркы жетекчиси Улан Астаркуловдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, ордуна мурдагы жетекчи Доскул Бекмурзаевдин келишин талап кылышууда.

Өкмөт үйүнүн алдында катары менен үч митинг өтүүдө. Сүрөттөр

Өкмөт үйүнүн түндүк тарабына "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Алимбековдун жумуштан кетишин талап кылгандар чогулган.

Ал эми батыш бөлүгүндө "Караван" соода борборунун соодагерлери митинг өткөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0