Өзбекстан Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолун оңдоого катышууга кызыкдар болууда

Жазылуу
Сүйлөшүүдө чек ара аймактарынын башчыларынын кеңешинин отурумун эртерээк өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өзбекстан Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун айрым участокторун реконструкциялоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдарлыгын билдирди. Бул тууралуу элчи Ибрагим Жунусов Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фарход Арзиев менен жолугушканда айтылганын ТИМ билдирди.

Жолугушууда эки тараптан жетишилген келишимдер талкууланып, тез арада практикалык иш-чаралардын планына (Жол картасына) кол коюу зарылдыгы белгиленген. Тараптар ошондой эле Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулуш маселелерин активдештирүү маанилүүлүгүн белгилешкен. Мындан тышкары, туризм жаатында кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланган.

Бангладештен Өзбекстанга 900 мигрант иштегени келет

Сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жана чек ара аймактарынын башчыларынын кеңешинин отурумун эртерээк өткөрүү зарылдыгын айтышкан.

Өзбек тарап кайра иштетүү чөйрөсүндө, мөмө-жемиш, текстиль продукцияларын, айыл чарба техникаларын, курулуш материалдарын биргелешип экспорттоодо жана фармацевтика жаатында соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга даяр экендигин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0