Садыр Жапаровдун маалымат жыйынын чагылдырууга 148 журналист катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция Садыра Жапарова в госрезиденции "Ала-Арча"
Пресс-конференция Садыра Жапарова в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйыны КТРК жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров ЖМКлар үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, журналисттер менен жолугушуу бүгүн, 12-ноябрда, өтөт. Ага республикалык жана чет өлкөлүк 86 ЖМКдан 148 журналист катталган.

Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты

Маалымат жыйыны КТРК жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0