Медициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда

Кайра көбөйө түштү. Бир суткада 527 кишиден коронавирус аныкталды

130
(жаңыланган 11:23 12.11.2020)
Жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда катталган. Бир суткада бул эки аймактан медиктерден дагы оору табылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 527 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 518 бейтап оорудан айыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 108;
  • Ош – 51;
  • Чүй облусу – 97;
  • Ош облусу – 36;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 105;
  • Баткен облусу – 49.

Пандемия убагында эң кооптуу делген жайлар айтылды

Айыккандар:

  • Бишкек – 95;
  • Ош шаары – 20;
  • Чүй облусу – 38;
  • Ош облусу – 69;
  • Талас облусу – 21;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 108;
  • Баткен облусу – 104.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандарын саны 64 887ге жетип, анын 55 824ү айыкты. Тилекке каршы, каза тапкандардын саны 1 193 болду.

Карабаев: ковидди дарылоодо плазма куюу протоколдо көрсөтүлгөн эмес

Бир суткада Баткен облусунан бир, Жалал-Абаддан бир жана Бишкектен эки медик коронавирус илештирип алганы аныкталган. Ошол эле учурда жети ак халатчан ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

130
Белгилер:
дарт, бейтап, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1454)
Тема боюнча
Пандемия убагында эң кооптуу делген жайлар айтылды
Карабаев: ковидди дарылоодо плазма куюу протоколдо көрсөтүлгөн эмес
Мектеп окуучулары көчөдө баратышат. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктурган мектеп жашындагы балдар. Статистика

5
(жаңыланган 17:08 01.12.2020)
Ооруган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү Бишкек шаарында. Кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учуру катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Республикалык штаб кабарлады.

Илдетке кабылгандардын салыштырмалуу саны:

  • Сентябрда — 48;
  • Октябрда — 315;
  • Ноябрда — 320.

Ооруган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган. Кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат. Баарынан азы Нарында.

Ноябрь айындагы маалыматтар:

  • Бишкек — 143;
  • Баткен — 32;
  • Ош — 4;
  • Ош облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 31;
  • Талас облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 39;
  • Нарын облусу — 0;
  • Чүй облусу — 54.
5
Белгилер:
илдет, окуучу, мектеп, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Санэпидем дарыгери: коронавирустун экинчи толкуну качан бүтөрү белгисиз
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Жогорку сот Атамбаев кандай шартта абактан бошотуларын маалымдады

8
(жаңыланган 17:09 01.12.2020)
Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн иш Биринчи май райондук сотуна жиберген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку соттун маалыматы кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Фемида өкүлдөрү Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөнүн эскертти.

"Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселе ишти жаңыдан карап жатканда адвокаттары өтүнүч менен кайрылса чечилиши мүмкүн", — дешти Жогорку соттон.

Буга чейин адвокат Сергей Слесарев мурдагы президент жакында абактан бошотулушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, Жогорку сот чыгарган чечиминде баш коргоо чарасы тууралуу айткан эмес.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаеевдин абактан боштулушу боюнча айыпталып 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.

Ал эми Жогорку сот 30-ноябрда өкүмдү жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароо үчүн иш Биринчи май райондук сотуна жиберген.

8
Белгилер:
бошотуу, абак, Алмазбек Атамбаев, жогорку сот
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Жактоочу: Алмазбек Атамбаев жакында эркиндикке чыгышы мүмкүн
Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Видео