Үчөө Баткенден. Өткөн суткада коронавирустан беш адам каза тапты

© REUTERS / YVES HERMANМедициналык кызматкер COVID-19 каза болгон киши менен
Медициналык кызматкер COVID-19 каза болгон киши менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы 24 саат ичинде коронавирустан каза болгон беш адамдын үчөө Баткен облусунун тургундары болгон.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча беш адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

"Бишкек шаарынан бир, Чүй облусунан бир жана Баткен облусунан үч киши каза тапты", — деп айтылат маалыматта.

Кайра көбөйө түштү. Бир суткада 527 кишиден коронавирус аныкталды

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 193 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0