Штаб: коронавирус жуктурган 1 104 бейтаптын абалы оор

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМедицина кызматкери жана бейтаптар ооруканада
Медицина кызматкери жана бейтаптар ооруканада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканада жаткан бейтаптардын ичинен 954үнүн абалы оор болсо, 150 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 322 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Статистикага таянсак, стационарда дарыланып жаткандардын ичинен 1 104 бейтаптын абалы оор жана өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  • 54ү — канааттандырарлык абалда;
  • 2 164ү — орточо оор абалда;
  • 954ү — оор абалда;
  • 150сү — өтө оор абалда.

Үчөө Баткенден. Өткөн суткада коронавирустан беш адам каза тапты

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 874 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0