Бишкекте калкты ыкчам тейлеген биринчи автоборбор ачылат. Кызматтардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа ээлерине бир катар кызматтар ыңгайлуу шартта көрсөтүлмөкчү. Бул Кыргызстандагы алгачкы ыкчам борбор болуп саналат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жума, 13-ноябрь күнү, Калкты ыкчам тейлөө боюнча автоборбордун ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Борбор Бишкектин чыгыш тарабында Чолпон-Ата көчөсү - 2 дарегинде ("Аюу Гранддын" имараты) жайгашкан.

Унаа базарынын аймагында машинаны каттатуу мүмкүн эмес. Себеби

Калкты ыкчам тейлөө борборунун максаты – кыргызстандыктарга майнаптуу, жогорку сапаттуу жана ыкчам кызмат көрсөтүү. Ошондой эле айдоочулук күбөлүк, автоунаа номерин берүү жана транспортту каттоо, кайра каттоо иштерин жеңилдетилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0