Чек ара кызматкерлери. Архив

Жапаров: Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт

5197
(жаңыланган 14:42 12.11.2020)
Садыр Жапаров Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн маянасын көтөрүү үчүн 2,5 миллиард сом талап кылынарын, каржы булагы табылганын белгиледи.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ага кабарчылардын бири Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошуу мамлекетке кооптуу эмеспи деген суроо узаткан.

"Чек ара кызматын УКМКнын курамына киргизүүдө мамлекетке эч кандай зыяны тийбейт. Тескерисинче, Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт. Ал үчүн эки жарым миллиард сомдун тегерегинде керек экен, акчанын булагын таптык. Ошондуктан ушундай чечимге келдик", - деди Жапаров.

Ал ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында тең Союз учурунан бери Чек ара кызматы УКМКнын курамында экенин белгиледи.

Садыр Жапаровдун маалымат жыйынын тексттик баяндамадан окуңуздар.

5197
Белгилер:
чек ара, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров баш прокурордун эки орун басарын кызматтан алды
Садыр Жапаровдун журналисттерге өткөргөн маалымат жыйыны. Тексттик баяндама
КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр, актёр Замир Сооронбаев. Архивдик сүрөт

Тагдырыма ыраазымын. 65 жашка чыккан Замир Сооронбаев менен маек

6
(жаңыланган 17:26 01.12.2020)
Бүгүн КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр, актёр Замир Сооронбаевдин туулган күнү. Ал Нарындагы мектепти бүтүрүп борбор калаага келип эле театр чөйрөсүнө аралашып, өмүрүн сахнага арнаган.

Кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшү үчүн эмгектенген инсанды Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы туулган күнү менен куттуктап, ден соолугун сурап маек курду.

— Акыркы жылдары сыркоолоп кичине театрдан алыстап калдыңыз. Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Ооруп жүргөнүмө беш жарым жыл болуп кетиптир. Кудайга шүгүр, азыр ден соолук жакшы. Үйдө эле китеп окуп, өткөн-кеткенди, залкарларды эскерип китеп жазып жатам. Бутум дагы баспай калды, ошондуктан акырын кыбырап чыгармачылык менен эле алекпиз. 

Народный артист Кыргызстана, актер театра и кино Замир Сооронбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев

— Жаш кезде күрөш менен машыгып, лыжа тээп калганыңызды көпчүлүк билет. Пенсия курагына келгенде ошол машыгуулар жардамын берет бекен?

— Спорт адамдын кан басым ооруларына анча таасир бербейт экен. Ал эми чыгармачылыкта чоң жардам берди. Бизде техникалык кыймылдарды өздөштүргөн сабак болчу, анда сахнадагы мушташ, чабыш жана башка кыймылдарды аткарчубуз. Ошонун баарын жеңил аткарып, мугалим болуп жүргөндө жаштарга дагы сабак бердим.

— Мектепти аяктагандан кийин эле театр чөйрөсүнө аралашып, бүт өмүрүңүздү арнадыңыз. Ошол маалда сахнасыз жашай албай калам деп ойлочу белеңиз?

— Бала кезимде Нарын шаарында жүргөндө эле театрга көп барып, бир дагы премьераны калтырчу эмесмин. Ага карабай актёр болом деген жокмун, бирок театр мени өзүнө тарта берчү. Жан дүйнөмдө кызыгуу пайда болсо керек деп ойлоп калам. Кийин тагдыр ушул жакка мени алып келип койду. Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы студияда эки жыл окуп, залкарларды көрүп аралашып, кызыгуум арта баштады. Так ошол маалда биротоло чыгармачылык менен кетүүнү чечип, Ташкенттеги театралдык институтка окуганы кеткем. Андан бери баш-аягы 46 жыл театр дүйнөсүндө жүрөм. Мурун залкарлар "театр деген апийим" деп айтып калышчу, ошонун чындыгы бар экен. Адамды өзүнө арбап алган өзүнчө бир дүйнө. Негизи чыгармачылыкта жан дүйнөң менен кирип, ал жакта жашоонун өзү эле бакыт. 

Народный артист Кыргызстана, актер театра и кино Замир Сооронбаев
© Фото / из личного архива Замира Сооронбаева
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев

— Адам жашоосунда кылган аракети, сүйлөгөн сөзү, эңсеген тилегинин жемишин көрөт дешет. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

— Чыгармачыл инсандардын арасында ийгилик бирөөнө кеч, дагы бирөөнө эрте келет экен. Башкалар жөнүндө айта албайм, бирок мен өзүмдүн тагдырыма ыраазымын. Анткени мен 37 жашымда эмгек сиңирген артист, 43 жашымда эл артисти, жогорку окуу жайдын ардактуу профессору болдум. Ошондуктан менин мамлекетке эч кандай капачылыгым жок. Анан тагдырга жараша адамды ар кандай жетишкендик коштойт. Сөзсүз адамдын сүйлөгөн сөзү, кылган тилеги инсандын өмүрүнө, жашоосуна таасир этет. Жасаган аракетине жараша эртеби-кечпи үзүрүн көрөт.

— Театр, кинодо 40 жылдан ашык убакыт жүрүп көп эле таланттуу шакирттерди тарбиялай алдыңызбы?

— 30 жылга жакын мугалим болуп иштедим, окуучуларымдын беш-алтоо КРдин эмгек сиңирген артисти болду. Көпчүлүгү республика аймагында театрларда, ата мекендик кинодо эмгектенип жатышат. Шакирттерим менен сыймыктанам, алардын жетишкендиктерин, ийгиликтерин, жасап жаткан иштерин көрүп кубанып калам. 

Народный артист Кыргызстана, актер театра и кино Замир Сооронбаев и режиссер Геннадий Базаров
© Фото / из личного архива Замира Сооронбаева
Народный артист КР, актер Замир Сооронбаев

— Чындыгында эле кыргыз маданиятына эмгегиңиз сиңди. Азыр театр же кино тармагынан кеп-кеңеш же акыл-наасат сурап кайрылышабы?

— Кудайга шүгүр, көп эле келип турушат. Колдон келген жардамымды, билген нерселеримди айтып турам. Журналисттер үйгө театрдагы улуу муунду эскерип берүүмдү өтүнүп мейманга келип, телевидениеге да чакырып жатышат.

Азыр тун кызым Түркияда орус тилинен сабак берип иштейт. Уулум Айбекти элдин көпчүлүгү билет, ал ырчылык менен жүрөт. Бир неберебиз учурда өзүбүздүн колдо. Балдарым болушунча сый-урматын көрсөтүүгө аракет кылып турушат. Ата-эне кудайдан уул-кыздардын аманчылыгын, алардын билим алып, өсүп-өнүгүшүн тилейт экен да. Кудай кут кылсын, балдарым жанымда, байбичем кашымда.

6
Белгилер:
маек, актер, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Эл артисти Гүлсара Ажыбекова: соодага аралашууну чечтик, тозок ошондо башталды
Балдарымды нукура кыргыз рухунда тарбиялайм. Гүлзада Рыскулова менен маек
Кызды өбө коём деп иштен айдалып кете жаздагам. Алтынбек Сапаралиев менен маек
Мектеп окуучулары көчөдө баратышат. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктурган мектеп жашындагы балдар. Статистика

11
(жаңыланган 17:08 01.12.2020)
Ооруган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү Бишкек шаарында. Кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Акыркы үч айда 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп жашындагы балдар арасында 683 коронавирус (U07,1 жана U07,2) учуру катталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип Республикалык штаб кабарлады.

Илдетке кабылгандардын салыштырмалуу саны:

  • Сентябрда — 48;
  • Октябрда — 315;
  • Ноябрда — 320.

Ооруган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү Бишкек шаарында катталган. Кийинки орунда Чүй жана Ысык-Көл облустары турат. Баарынан азы Нарында.

Ноябрь айындагы маалыматтар:

  • Бишкек — 143;
  • Баткен — 32;
  • Ош — 4;
  • Ош облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 31;
  • Талас облусу — 8;
  • Ысык-Көл облусу — 39;
  • Нарын облусу — 0;
  • Чүй облусу — 54.
11
Белгилер:
илдет, окуучу, мектеп, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Санэпидем дарыгери: коронавирустун экинчи толкуну качан бүтөрү белгисиз