Түркиялык фонд КРде билим берүү мекемелерин курат. Келишимге кол коюлду

© Фото / пресс-служба МИД КРБилим берүү жана илим министрлиги Түркиянын "Маариф" фонду менен келишим коюу учурунда
Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын Маариф фонду менен келишим коюу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Маариф" фонду ар мамлекетте бала бакча, мектеп, университет ачып, билим берүү жаатында ишмердигин жүргүзөт. Учурда анын 40 мамлекетте билим берүү мекемелери бар.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Түркиянын "Маариф" фонду Кыргызстанга жеке менчик билим берүү уюмдарын курат. Келишимге Билим берүү жана илим министрлиги менен аталган фонддун жетекчилиги кол коюшканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, келишимге кол коюу иш-чарасы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркияга жасаган иш-сапарынын алкагында болгон.

"Бул долбоор эки жылдан бери өлкө ичиндеги макулдашуу процедураларынан өтүп, аны эки мамлекеттин тиешелүү министрликтери менен ведомстволору дыкат карап чыгышкан. Келишимдин негизинде эми жаңы билим берүү жайлары курулуп, мектепке чейинки мекемелерде, мектепте жана ЖОЖдо сапаттуу орто жана жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Балдардын тамагын жакшыртуу боюнча расмий портал иштей баштады

"Маариф" фонду Түркияда 2016-жылы 17-июнда түзүлгөн. Ал өлкөнүн Билим берүү министрлигине баш ийбестен Түркиянын атынан билим берүү мекемелерин ача алган жалгыз уюм болуп саналат. Фонддун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, мекеме пайда көрүү максатын көздөбөйт. Ар мамлекетте бала бакча, мектеп, университет ачып, билим берүү жаатында ишмердигин жүргүзөт. Учурда 40 мамлекетте билим берүү мекемелери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0