Ош шаарындагы Ломоносов атындагы №3 мектептин 500 орундуу кошумча окуу корпусунун курулуш иштери

Ош шаарында беш жаңы мектеп курулуп жатат. Даректери

139
Шаар мэри Туран кичи районунда курулуп жаткан 275 орундуу мектепке барып, курулуш иши менен таанышкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен беш мектеп курулуп жатат, алардын баары кийинки жылы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов объектилерди кыдыруу учурунда Туран кичи районунда курулуп жаткан 275 орундуу мектепке барып, курулуш иши менен таанышкан.

"Өткөн жылдары каражаттын жоктугунан бул мектептердин курулушу токтоп калган. Учурда каражат бөлүнүп, кийинки жылы беш мектептин баарын бүткөрүү пландалууда", — деди Сарыбашов.

Балбак Түлөбаев Бишкектеги мектептер эмнеге ачылбай турганын айтты

Курулуп жаткан мектептердин дареги:

  • Ирригатор участогундагы 275 орундуу мектеп, тендердик баасы 51,4 миллион сом;
  • Ломоносов атындагы №3 мектептин 500 орундуу кошумча окуу корпусу, тендердик баасы 45 миллион сом;
  • Курманжан датка МТУнун 222-кварталындагы 275 орундуу, тендердик баасы 61 миллион сом;
  • Амир-Тимур кичи районундагы 625 орундуу мектеп, тендердик баасы 147,8 миллион сом;
  • Нариманов мектебинин жаңы окуу имараты.

Андан ары шаар башчысы канализация тармактарында көйгөйлөр жаралган №78 "Ширинтай-Ош" бала бакчасында болуп, ал боюнча долбоор 2021-жылдын бюджетине киргизилерин билдирген.

Мындан тышкары, бул аймакта дагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталарын кошумчалаган.

139
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашев, курулуш, мектеп, Ош шаары
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт
Жаңы конуштардагы документи жок жер тилкелерин мыйзамдаштыруу талкууланды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот учурунда. Архивдик сүрөт

Атамбаевге экс-президент макамы кайтарылабы? Адистердин пикири

358
(жаңыланган 19:02 01.12.2020)
Депутат, юрист жана саясий серепчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгып, экс-мамлекет башчы макамын кайтара алабы деген суроонун тегерегинде ой толгошту.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүмдү жокко чыгарганын, мурдагы өлкө башчынын эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин жар салды.

Мындан улам окуя ушундай нукта өнүксө, Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси көтөрүлүшү мүмкүнбү деген суроо жаралды. Бул тууралуу сеперчилердин оюн уктук.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, мурдагы президенттин кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, эркиндикке чыгуусуна эки себеп бар. 

Политолог Марс Сариев во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясат таануучу Марс Сариев
"Биринчиден, учурдагы саясий кырдаалда Атамбаевдин бошотулушу керек болуп турат. Экинчиден, алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Азыркы бийликке кырдаалдын курчуп кетиши, Атамбаевдин электораты тараптан оппозициялык маанайдагы аракеттердин кереги жок. Башкача айтканда, аны бошотуу — өлкөдө туруктуулукту орнотууга кадам катары саналат", — деди Сариев.

Саясий серепчи Эмил Жураев дагы Атамбаевге байланыштуу бул жагдайдын саясий мааниси бар экенин айтат. 

"Учурда саясий боёктору бар деп айтылган айрым чуулгандуу кылмыш иштери кайрадан артка кайтарылып жатат. Алмазбек Атамбаевдин иши дагы алардын катарында, анын саясий мааниси бар экенин жокко чыгара албайбыз", — деди Жураев.

Анын пикиринде, эгер Атамбаевдин буга чейинки кылмыш иштери, соттук чечимдер токтотула турган болсо, экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси турушу мүмкүн.

Ал эми депутат жана юрист Дастан Бекешев азырынча Атамбаевге экс-президент макамын кайтаруу тууралуу маселени көтөрүүгө эрте деген пикирде. 

Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Депутат жана юрист Дастан Бекешев
"Алмазбек Атамбаевге экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча сөз кылууга эртерээк. Себеби соттук иштер дагы алдыда. Анын үстүнө Жогорку соттун коллегиясынын акыркы, расмий чечимин көрүшүбүз керек", — деди депутат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Атамбаев азырынча актала электигине токтолду. 

Заслуженный юрист КР, член ЦИК и советник министра образования Кайрат Осмоналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев
"Азыр көпчүлүк резонанстуу иштерди кайрадан соттун кароосуна жиберип коюп жатышат. Ал жакта иш башынан каралып, тиешелүү процедуралар өтүшү керек. Эгер алар Атамбаевди толугу менен актай турган болсо, ошондо гана макамын кайтаруу тууралуу айтса болот", — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал Атамбаевди макамынан ажыратуу башынан эле мыйзамсыз чечим болгонун кошумчалады.

"Мен Атамбаевди коргобойм, тарапташы эмесмин. Бирок мыйзамдын так аткарылышына кызыкдармын. Кол тийбестигинен, экс-макамынан ажыратуу мыйзам жагынан туура эмес болчу. Ошол кезде бул тууралуу көп айткан элем. Бирок бул кылганы үчүн Жогорку Кеңеш дагы, Башкы прокуратура дагы жоопко тартылган жок. Эгер Атамбаев акталып калса, Жогорку Кеңеш катасын мойнуна алып, экс-президент макамын кайтарып берүүсү керек. Бул укуктук өлкөдө кадыресе көрүнүш", — деди юрист.

Эске салсак, Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевди беш кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деген бүтүм чыгарып, анын негизинде Жогорку Кеңеш экс-президент макамынан ажыраткан.

Ал эми бүгүн Жогорку соттун маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Фемида өкүлдөрү Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөнүн эскертти.

358
Белгилер:
макам, чечим, Жогорку сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Видео
Сот Атамбаевдин үч иши эмне себептен бириктирилгенин түшүндүрүп берди
Терезени караган аял. Архивдик сүрөт

Кызы менен коштошкон боюнча жок. Жалал-Абадда 42 жаштагы аял изделүүдө

81
(жаңыланган 18:38 01.12.2020)
Бахтигүл Базарматова 25-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 42 жаштагы аял дайынсыз болууда. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Бахтигүл Базарматова аттуу аял 25-ноябрь күнү саат 15:30дар чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп кеткен боюнча үйүнө барган эмес. 

Пропавшая в Джалал-Абадской области Бахтигуль Базарматова
© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской области
Жоголуп кеткет Бахтигүл Базарматова
"Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыктан, туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылат маалыматта.

Бахтигүл Базарматованын өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Ал башына сары, кара түс аралашкан жоолук салынып, тизеге жеткен боз түстөгү күрмө жана кара түстөгү шым кийип жүргөн. Бутунда такалуу кара түстөгү ботинка бар экени айтылды.

Дайынсыз жоголуп жаткан аял тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, милиция (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.

81
Белгилер:
белги, издөө, аял, милиция, Жалал-Абад
Тема боюнча
30 жыл полициядан качып жүргөн кишини эч ким издеген эмес. Кытайдагы окуя
Бишкекте 9 жаштагы Аяна Эмилбекова изделип жатат. Сүрөт
ЖККУнун  жыйыны. Архив

ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер

22
(жаңыланган 19:43 01.12.2020)
Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Отурумдун аягында бир топ документтер кабыл алынды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Иш-чара Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйын видеоконференция форматында уюштурулду.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун БУУ менен өз ара кызматташуусу, аталган уюмдун алдында тынчтык орнотуучу иштерге катышуу боюнча маселелер талкууланып, пикир алмашуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жыйындын соңунда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо боюнча бир нече документтер макулдашылган. Буга авиациялык тармактын өнүгүшү жана аны изилдөө маселелери, аскердик кызматташууну өнүктүрүүнүн планын кароо кошулган.

Келерки жылы төрагалык кылуу Тажикстанга өтмөкчү.

22
Белгилер:
кызматташуу, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты