Жүк ташуучу унаалар. Архив

"Ак-Тилек" өткөрүү жайындагы фуралардын тыгыны. Чек арадан тартылган видео

157
(жаңыланган 00:43 13.11.2020)
Мамлекеттик чек ара кызматынан саат 23:20га карата чек арада 110 жүк ташуучу автоунаа топтолуп калганын билдиришти.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болду.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, казак тарап жүк ташуучу автоунааларды өткөрбөй жатат. Болжол менен 300-400 фура узун кезекке туруп калган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, саат 23:20га карата чек арада 110 жүк ташуучу автоунаа турат.

"Казакстандын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, казак тарап өз өлкөсүнө кире турчу жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан коронавируска тест тапшырган анализдин жыйынтыгын сурап жатышат. Бул чектөө 12-ноябрь күнү эртең менентен баштап иштей баштады. Биз айдоочуларга буга чейин эле түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз жана азыр дагы жүргүзүп жатабыз. Коронавируска тест тапшыргандар чек арадан өтүп жатат", — деди Бөрүбаева. 

Казакстан өз аймагына кирип-чыгуу шарттарын катуулатты

Чек ара кызматынын маалымат катчысы казак тарап коронавируска тесттин жыйынтыгы боюнча документти Казакстандын аймагына кирчү гана айдоочулардан сурап жатканын белгиледи. Ал эми транзиттик каттам менен башка өлкөгө кетчү айдоочуларга мындай талап коюлбаганын кошумчалады.

157
Белгилер:
тыгын, фура, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди
Мал базар. Архив

Мал арзандады. Өлкөнүн ири базарларындагы баага саресеп

3
(жаңыланган 17:31 01.12.2020)
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү ири базарларда малдын (жылкы, кой, уй, ирик, бука, торпок) баасы канчадан болуп жатканын билип көрдү.

20-ноябрда өкмөт Айыл чарба министрлигинин сунушу менен мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салган. Ага чейин асмандын башына чыгып жаткан малдын баасы дароо түшкөнү айтылды.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү ири делген мал базарларда ушул дем алышта жылкы, кой, уй канчадан сатылганын билди.

Бишкекте койдун баасы

Бишкек шаарында бодо мал көп сатылбайт. Уй, жылкы алам дегендер адатта Сокулук же Токмок шаарларындагы мал базарларга барышат. Ордо калаада кой сатып иштеген Бактыбек Аралбековдун айтымында, шаарда мал кымбат эле.

"Азыр козулардын эң арзаны, арыгы 6500-7000 сом болуп жатат. Чоң койдун эң жакшысы 16-17 миң сомго чейин барат. Токту, боруктар болсо 8500-9000 сом, сойгонго ылайыктуу койду 10 000-10 500 сомго тапса болот", — деди Аралбеков.

Ишкердин айтымында, алармандардын саны бул жумада азая түшкөн.

Аймактардагы малдын баасы

Койдун баасы Ысык-Көл менен Нарында арзандады дейт жергиликтүү тургундар. Ат-Башы районунун тургуну Каныбек Кожониязов өткөн базар күнү сойгонго ылайыктуу койлор аталган аймакта 8000 сомдун айланасында сатылганын айтты.

"Бул эмес өткөн базардан баштап малдын баасы төмөндөй түшкөнүн байкадык. Ага чейин сойгонго ылайыктуу койлор 10 миңден түшпөй жаткан, эми 8000 сомдон тапса болот. Бодо мал болжол менен 5-10 миң сомго чейин арзан сатылды окшойт. 95 миң сомго берилип жаткан жылкылар 80-85 миңге түшүп калды. Букалар 50 миңден өйдө болсо, саан уйларды 65 миң сомго тапса болот", — деди Кожониязов.

Жети-Өгүз районунун тургундары Караколдогу мал базарда деле ушундай көрүнүш дейт. Тургунбек Мамбетовдун айтымында, малдын наркы 10-15 миң сомго дароо төмөндөгөн.

"Мисалы, Ысык-Көлдө 200-250 кишиге ылайыктуу жылкылар 75-80 миң сомго чейин арзандап кетти. 80 миңдиктер 65-70 миң сомго түштү. Койлор 9000 сомго түшсө, уйлар 55 миң сомдон жогору бааланып жатат. Өкмөт малды сыртка чыгарууга тыюу салары менен мал арзандады. Ортодо алып сатарлар чыгымга учураса керек. Малдын кымбат сатылып жатканы бизге жакшы эле болуп жаткан", — деди Мамбетов.

Талас менен Чүйдө мал анча арзандаган жок дейт жергиликтүү тургундар. Чоң-Кемин районуна караштуу Калмак-Ашуу айылынын жашоочусу Максат Жаналиев өткөн дем алышта Токмоктун мал базарында жылкылар 80 миңден өйдө бааланганын айтты.

"Чарба уйлары 50-60 миң сом болуп жатат. Негизи эле көбүнчө бизде уй жакшы өтөт. Ириктер 11-12 миң сом, ал эми сойгонго ылайыктуу койду 12 миң сомго алса болот. Андан арзандары деле бар, бирок алар арыгыраак же кичирээк болуп калат. Жалпы жонунан мал 2000-3000 сомго арзандады", — деди Жаналиев.

Ош менен Жалал-Абадда жылкылардын баасы окшош эле экен. Аларды 80-85 миң сомдун айланасында алса болот. Бирок койдун баасында айырма бар. Жалал-Абадда семиз койлор 13 миң сомго чейин чыккан. Ал эми Ошто 10 миң сомго тапса болот. Баткенде жылкы 80 миң, чарба уйлары 70 миңдин тегерегинде сатылып жатканын жергиликтүү кабарчылар билдиришти.

Жылкынын баасы башка аймактарга салыштырмалуу Таласта кымбат экен. Кара-Буура районунун жашоочусу Токтобек Жапаркулов Таласта 250 кишиге ылайыктуу жылкылар 90 миң сомдон түшпөй жатканын белгиледи. Уйлар 70 миң сомго чейин болсо, койлорду 10 миң сомдон өйдө сатып алса болот.

Мал арзандаганы менен Бишкек шаарында эттин баасы түшө элек. Көбүнчө уй эти көп өтөт. Акыркы маалымат боюнча, уй этинин бир килограммы калаада 450 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Ал эми аймактарда 360-380 сомдон бааланып жатканы белгилүү болду.

3
Белгилер:
базар, баа, эт, мал, Кыргызстан
Тема боюнча
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды
Быйыл Кыргызстанда эт көбүрөөк өндүрүлдү. Тогуз айдын жыйынтыгы
КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр, актёр Замир Сооронбаев. Архивдик сүрөт

Тагдырыма ыраазымын. 65 жашка чыккан Замир Сооронбаев менен маек

13
(жаңыланган 17:31 01.12.2020)
Бүгүн КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр, актёр Замир Сооронбаевдин туулган күнү. Ал Нарындагы мектепти бүтүрүп борбор калаага келип эле театр чөйрөсүнө аралашып, өмүрүн сахнага арнаган.

Кыргыз маданиятынын өнүгүп-өсүшү үчүн эмгектенген инсанды Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы туулган күнү менен куттуктап, ден соолугун сурап маек курду.

— Акыркы жылдары сыркоолоп кичине театрдан алыстап калдыңыз. Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Ооруп жүргөнүмө беш жарым жыл болуп кетиптир. Кудайга шүгүр, азыр ден соолук жакшы. Үйдө эле китеп окуп, өткөн-кеткенди, залкарларды эскерип китеп жазып жатам. Бутум дагы баспай калды, ошондуктан акырын кыбырап чыгармачылык менен эле алекпиз. 

Народный артист Кыргызстана, актер театра и кино Замир Сооронбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр, актёр Замир Сооронбаевдин туулган күнү

— Жаш кезде күрөш менен машыгып, лыжа тээп калганыңызды көпчүлүк билет. Пенсия курагына келгенде ошол машыгуулар жардамын берет бекен?

— Спорт адамдын кан басым ооруларына анча таасир бербейт экен. Ал эми чыгармачылыкта чоң жардам берди. Бизде техникалык кыймылдарды өздөштүргөн сабак болчу, анда сахнадагы мушташ, чабыш жана башка кыймылдарды аткарчубуз. Ошонун баарын жеңил аткарып, мугалим болуп жүргөндө жаштарга дагы сабак бердим.

— Мектепти аяктагандан кийин эле театр чөйрөсүнө аралашып, бүт өмүрүңүздү арнадыңыз. Ошол маалда сахнасыз жашай албай калам деп ойлочу белеңиз?

— Бала кезимде Нарын шаарында жүргөндө эле театрга көп барып, бир дагы премьераны калтырчу эмесмин. Ага карабай актёр болом деген жокмун, бирок театр мени өзүнө тарта берчү. Жан дүйнөмдө кызыгуу пайда болсо керек деп ойлоп калам. Кийин тагдыр ушул жакка мени алып келип койду. Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы студияда эки жыл окуп, залкарларды көрүп аралашып, кызыгуум арта баштады. Так ошол маалда биротоло чыгармачылык менен кетүүнү чечип, Ташкенттеги театралдык институтка окуганы кеткем. Андан бери баш-аягы 46 жыл театр дүйнөсүндө жүрөм. Мурун залкарлар "театр деген апийим" деп айтып калышчу, ошонун чындыгы бар экен. Адамды өзүнө арбап алган өзүнчө бир дүйнө. Негизи чыгармачылыкта жан дүйнөң менен кирип, ал жакта жашоонун өзү эле бакыт. 

Народный артист Кыргызстана, актер театра и кино Замир Сооронбаев
© Фото / из личного архива Замира Сооронбаева
Замир Сооронбаев: спорт адамдын кан басым ооруларына анча таасир бербейт экен. Ал эми чыгармачылыкта чоң жардам берди

— Адам жашоосунда кылган аракети, сүйлөгөн сөзү, эңсеген тилегинин жемишин көрөт дешет. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

— Чыгармачыл инсандардын арасында ийгилик бирөөнө кеч, дагы бирөөнө эрте келет экен. Башкалар жөнүндө айта албайм, бирок мен өзүмдүн тагдырыма ыраазымын. Анткени мен 37 жашымда эмгек сиңирген артист, 43 жашымда эл артисти, жогорку окуу жайдын ардактуу профессору болдум. Ошондуктан менин мамлекетке эч кандай капачылыгым жок. Анан тагдырга жараша адамды ар кандай жетишкендик коштойт. Сөзсүз адамдын сүйлөгөн сөзү, кылган тилеги инсандын өмүрүнө, жашоосуна таасир этет. Жасаган аракетине жараша эртеби-кечпи үзүрүн көрөт.

— Театр, кинодо 40 жылдан ашык убакыт жүрүп көп эле таланттуу шакирттерди тарбиялай алдыңызбы?

— 30 жылга жакын мугалим болуп иштедим, окуучуларымдын беш-алтоо КРдин эмгек сиңирген артисти болду. Көпчүлүгү республика аймагында театрларда, ата мекендик кинодо эмгектенип жатышат. Шакирттерим менен сыймыктанам, алардын жетишкендиктерин, ийгиликтерин, жасап жаткан иштерин көрүп кубанып калам. 

Народный артист Кыргызстана, актер театра и кино Замир Сооронбаев и режиссер Геннадий Базаров
© Фото / из личного архива Замира Сооронбаева
Замир Сооронбаев: мен 37 жашымда эмгек сиңирген артист, 43 жашымда эл артисти, жогорку окуу жайдын ардактуу профессору болдум. Ошондуктан менин мамлекетке эч кандай капачылыгым жок

— Чындыгында эле кыргыз маданиятына эмгегиңиз сиңди. Азыр театр же кино тармагынан кеп-кеңеш же акыл-наасат сурап кайрылышабы?

— Кудайга шүгүр, көп эле келип турушат. Колдон келген жардамымды, билген нерселеримди айтып турам. Журналисттер үйгө театрдагы улуу муунду эскерип берүүмдү өтүнүп мейманга келип, телевидениеге да чакырып жатышат.

Азыр тун кызым Түркияда орус тилинен сабак берип иштейт. Уулум Айбекти элдин көпчүлүгү билет, ал ырчылык менен жүрөт. Бир неберебиз учурда өзүбүздүн колдо. Балдарым болушунча сый-урматын көрсөтүүгө аракет кылып турушат. Ата-эне кудайдан уул-кыздардын аманчылыгын, алардын билим алып, өсүп-өнүгүшүн тилейт экен да. Кудай кут кылсын, балдарым жанымда, байбичем кашымда.

13
Белгилер:
маек, актер, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Эл артисти Гүлсара Ажыбекова: соодага аралашууну чечтик, тозок ошондо башталды
Балдарымды нукура кыргыз рухунда тарбиялайм. Гүлзада Рыскулова менен маек
Кызды өбө коём деп иштен айдалып кете жаздагам. Алтынбек Сапаралиев менен маек