Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызтест мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.

Садыр Жапаров кыргыз тилинен тест тапшырды

395
(жаңыланган 16:24 13.11.2020)
Тест өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн дагы баалайт. Жапаров сынактан ийгиликтүү өткөн.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров "Кыргызтест" мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

  • Исполняющий обязанности президента Кыргызской Республики, премьер-министр Садыр Жапаров в государственном учреждении Кыргызтест.
    Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров "Кыргызтест" мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Исполняющий обязанности президента Кыргызской Республики, премьер-министр Садыр Жапаров сдал экзамен на знание государственного языка в государственном учреждении Кыргызтест. 13 ноября 2020 года
    Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырганы белгиленди.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  •  Исполняющий обязанности президента Кыргызской Республики, премьер-министр Садыр Жапаров сдал экзамен на знание государственного языка в государственном учреждении Кыргызтест. 13 ноября 2020 года
    Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров "Кыргызтест" мекемесине барып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өттү.
"Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт", — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырганы белгиленди.

395
Белгилер:
тест, кыргыз тили, Садыр Жапаров
Абак. Архив

Велосипедчен адамдын өлүмү. Таластын экс-башчысынын кеңешчиси үч жылга кесилди

1
(жаңыланган 12:21 27.11.2020)
Быйыл июлдун этегинде Талас облусунун башчысынын кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев автоунаасы менен велосипедчен адамды коюп кетип, ал каза болуп калган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Талас облусунун мурдагы жетекчиси Марат Мураталивдин кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев велосипедчен баланы сүзүп өлтүрүп алганы үчүн үч жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Талас райондук сотунун өкүмү 23-ноябрда чыккан. Анда Шералиев Жазык кодексинин 297-беренесинде жана 135-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган. Натыйжада эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

"Жазык Кодексинин 78-беренесине ылайык, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу аркылуу биротоло эки жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу менен 3 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, быйыл 30-июлда Талас облусунун башчысынын кеңешчиси делген Марслатбек Шералиев автоунаасы менен велосипедчен адамды коюп кетип, ал каза болуп калган.

Милициянын билдиришинче, Toyota 4Runner айдаган 53 жаштагы Шералиев жолдун четинде велосипед менен келе жаткан 23 жаштагы А.А. аттуу жигитти коюп кетип, андан ары токтоп турган Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны сүзгөн. Экспертизанын жыйынтыгы унаанын айдоочусу мас экенин аныктаган.

Өкмөттүн Талас облусундагы ошол кездеги өкүлү Марат Мураталиев ал айдоочу расмий түрдө өкүлчүлүктүн штаттык кызматында иштебегенин айтып, бирок кээде кеп-кеңешин берип турганын билдирген. Ошондой эле ал "афганчы" жана Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) запастагы полковниги экенин кошумчалаган.

1
Белгилер:
өкүм, сот, кырсык, кеңешчи, Талас облусу
Тема боюнча
Талас башчысынын "кеңешчиси" сүзгөн велосипедчи көз жумду. Мураталиев үн катты
Ооруканадагы дарыгер. Архив

COVID болгон бейтаптарды кабыл алган Бишкектеги ооруканалар. Канча орун бош?

2
(жаңыланган 12:19 27.11.2020)
27-ноябрь саат 10:00гө карата 13 оорукананын ичинен учурда 12синде 260 орун бар. Ал эми Улуттук хирургия борборунда бош орун калбай калган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, 27-ноябрь саат 10:00гө карата 13 оорукананын ичинен учурда 12синде 260 орун бар. Ал эми Улуттук хирургия борборунда бош орун калбай калган.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 5;
  • Улуттук хирургия борбору — 0;
  • Улуттук госпиталь — 14;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору — 16;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 73;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 28;
  • Темир жол ооруканасы — 10;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 14;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 8;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 8;
  • Улуттук госпиталдын урология борбору — 14;
  • Республикалык наркология борбору — 63.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 548 болду. Анын ичинен 62 946 бейтап айыккан. Кечээ дагы беш адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 256га жетти.

2
Белгилер:
орун, дарылоо, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Соңку бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып кетти
Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика