Бишкекте ыктыярчы-дарыгерлердин жана ыктыярчылардын жалпы республикалык штабы ачылды

Бишкекте ыктыярчы-дарыгерлердин жана ыктыярчылардын штабы ачылды. Сүрөт

54
(жаңыланган 16:42 13.11.2020)
Бир айдын ичинде шаар бийлиги, фонддор, уюмдар жана кыймылдардын ортосунда мындан ары кызматташуу боюнча меморандумга кол коюулары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте ыктыярчы-дарыгерлердин жана ыктыярчылардын жалпы республикалык штабы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

  • В Бишкеке прошло открытие общереспубликанского штаба медиков-добровольцев и волонтеров
    Бишкекте ыктыярчы-дарыгерлердин жана ыктыярчылардын жалпы республикалык штабы ачылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке прошло открытие общереспубликанского штаба медиков-добровольцев и волонтеров
    Бүгүнкү күндө штабга  ыктыярчылардын 20 кыймылы, 15 коомдук фонд, жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдар бирикти.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте ыктыярчы-дарыгерлердин жана ыктыярчылардын жалпы республикалык штабы ачылды

Бүгүнкү күндө штабга  ыктыярчылардын 20 кыймылы, 15 коомдук фонд, жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүчү кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдар бирикти.

"Көрсөткөн жардамынын түрү боюнча ыктыярчылардын бирдиктүү базасы түзүлдү: медициналык ыктыярчылар, ыктыярдуу айдоочулар, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн топтолгон ыктыярчылар. Бул жерден жолугуп, уюштуруу маселелерин чечип, биримдикте иштесек болот", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Бир айдын ичинде шаар бийлиги, фонддор, уюмдар жана кыймылдардын ортосунда мындан ары кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлары күтүлүүдө.

Штаб Ибраимов көчөсү, үй номери 100 (Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши) дарегинде жайгашкан.

54
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, штаб, дарыгерлер, ыктыярчылар, коронавирус
Тема боюнча
Бишкек менен Жалал-Абадда көп. Бир суткада коронавирус 567 адамдан табылды
Вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Туура эмес дарылаганбы? Сурабалдиева Жалал-Абаддагы 8 кишинин өлүмүн текшертет

5
(жаңыланган 14:35 05.12.2020)
Илдетке кабылган тогуз бейтапты жеке менчик клиникадан мамлекеттик аймактык ооруканага которушканы айтылат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда мамлекеттик аймактык ооруканага коронавирус илдети менен жаткырылган тогуз адамдын сегизинин өлүмү текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева Twitter баракчасына жазды. 

​Анын айтымында, бейтаптар протоколдо жазылган эреже менен дарыланган эмес.

"Коронавируска кабылган бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында протоколду карабай эле уккан-билген антибиотик, гормоналдык дарыларды иче берет. Жалал-Абадда жеке менчик клиникадан тогуз бейтапты мамлекеттик аймактык ооруканага которушкан. Анын ичинен сегизи каза болгон. Штабда муну териштирүүгө прокуратурага тапшырма берилди. Бул чоң жаңжал", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле оорунун алгачкы стадиясында эле антибиотиктерди бере бербей, организмге COVID-19 менен күрөшүүгө убакыт керектигин билдирди.

5
Белгилер:
Эльвира Сурабалдиева, өлүм, Жалал-Абад облусу, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген
Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты
COVID-19 вакцинасынын изилдөө иштери. Архивдик сүрөт

Кыргызстан ЕККУдан вакцина сатып алууга көмөктөшүүнү өтүндү

11
(жаңыланган 14:06 05.12.2020)
Вакцина баары үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Ошону менен бирге эле айрым мамлекеттердин да препаратты ыксыз көп сатып алуусуна жол бербөө керек.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри ЕККУну өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина сатып алууга жардам берүүгө чакырды.

ТИМдин маалыматы боюнча, Казакбаев 3-4-декабрь күндөрү ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин 27-жыйынына катышкан.

"Министр өз сөзүндө COVID-19га каршы вакцинанын жалпыга жеткиликтүү болушун камсыздоо маселеси курч экенин белгиледи. Мындан тышкары, препаратты элинин саны аз өлкөлөрдүн ыксыз көп сатып алуусуна да жол берилбеши керектигине токтолгон. Мындан улам ЕККУдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вакцинаны сатып алууга жардам берүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ооруга каршы бир катар вакцина иштелип чыккан, анын үчөө Россияга таандык. Жакында эле РФ президенти Владимир Путин үч вакцинаны тең ЖККУ өлкөлөрүнө жеткирүү маселеси жана биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген.

11
Белгилер:
коронавирус, Россия, ЕККУ, вакцина, Руслан Казакбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан референдум өткөрүүгө БУУдан техникалык жардам сурады