Айдалып аткан жерге асмандан көрүнүш. Архивдик сүрөт

11 миңден ашык жер тилке мыйзамдаштырылат. Жапаров жаңы мыйзамга кол койду

1010
(жаңыланган 00:04 14.11.2020)
Мыйзам менен 1 712 гектар жер трансформацияланып, анын натыйжасында 11 300 үй-бүлөнүн социалдык көйгөйлөрү чечилет.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров айыл чарбасында колдонууга жараксыз, сугат жерлерине бөлүнгөн аянттарга үй курган жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров 4-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Ага ылайык, "Сугат айдоо жерлерин башка категориядагы жерлерге жана жерлердин түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга, ошондой эле "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилген.

Кол коюлган мыйзамдын арты менен 2009-2018-жылдары айыл чарбасында колдонууга жараксыз жана жеке менчик укугуна мамлекеттик күбөлүгү бар айдоо аянттарынын бөлүнүп берилген жерлерине үй курган кыргызстандыктардын көйгөйлөрү чечилет. Мыйзам бул жерлерди трансформациялоого мүмкүнчүлүк берет.

Өкмөттүн эсеби боюнча 1 711,8 гектар жерди трансформациялоо пландаштырылууда, анын натыйжасында 11 300 үй-бүлөнүн социалдык көйгөйлөрү чечилет. Жер тилкелери мыйзамдаштырылгандан кийин, жер ээлери тийиштүү жарандык укуктарга ээ болуп, каттоого турууга мүмкүндүк алышат.

1010
Белгилер:
кол, мыйзам, жер, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жаңы конуштардагы документи жок жер тилкелерин мыйзамдаштыруу талкууланды
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

123
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

123
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив

Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

90
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр Ата көчөлөрүндө), "Арча-Бешик" (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана 55) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
90
Белгилер:
көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

32
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

32
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме