Коронавирусту аныктоочу тест тапшыруу. Архивдик сүрөт

Бир суткада 499 кишиден коронавирус табылып, 540 бейтап ооруну жеңди

99
(жаңыланган 11:38 14.11.2020)
Жалпысынан алганда коронавирус жуктургандардын саны 65 953кө жетти. Анын ичинен 56 847 бейтап ооруну жеңсе, 1 196 адам көз жумган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 499 кишиден коронавирус аныкталып, 540 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 108;
  • Ош шаары – 46;
  • Чүй облусу – 83;
  • Ош облусу – 52;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 12;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 70;
  • Баткен облусу – 49.

Айыккандар:

  • Бишкек – 93;
  • Ош шаары – 36;
  • Чүй облусу – 87;
  • Ош облусу – 66;
  • Талас облусу – 31;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 51;
  • Жалал-Абад облусу – 76;
  • Баткен облусу – 94.

Жалпысынан алганда коронавирус жуктургандардын саны 65 953кө жетти. Анын ичинен 56 847 бейтап ооруну жеңсе, 1 196 адам көз жумган.

99
Белгилер:
статистика, бейтап, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1443)
Тема боюнча
Бишкекте ыктыярчы-дарыгерлердин жана ыктыярчылардын штабы ачылды. Сүрөт
Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев. Архив

Кыргыздын көрүнүктүү инсаны. Шабданбек Кулуевге жазылган некролог

48
Кулуев кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан болгону белгиленет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев узакка созулган оорудан улам 78 жаш курагында дүйнө салып, кыргыз маданияты жана билим берүү тармагы оор жоготууга учурады. Бул туурасында президенттин аппараты тараткан некрологдо жазылган.

Анда Кулуев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРдин эл мугалими, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири экени белгиленген.

"Кыргыз улуттук маданиятына жана билим берүү тармагына, кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси жүрөгүбүздө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп жазылган некрологдо.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы Жумгал, М. В. Фрунзе атындагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.

Мугалимдик кесип менен бирге журналисттик кесипти да айкалыштырып, "Кыргыз туусу" гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы болгон.

Шабданбек Кулуев кыргыз элине акын катары да кеңири таанымал. Нукура таланты менен керемет ырларды жазып, мыкты китептерди чыгарган. "Куланчы мерген", "Алас-алас", "Кийик-Сай", "Кылымдар жаңырыгы", "Сезим кайрыктары" ыр жыйнактары, "Мидин минткен экен" сатиралык аңгемелер жыйнагы, "Эл-жер баяны", "Өмүр издери" публицистикалык жыйнактары жарык көргөн.

1991-жылдан тартып Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

48
Белгилер:
автор, акын, оору, некролог, өлүм, Шабданбек Кулуев
Тема боюнча
КР гимнин жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды
Гуманитардык жүк. Архив

Россия Кыргызстанга гумжардам катары 9 миң тонна азык-түлүк жөнөттү

166
(жаңыланган 21:24 24.11.2020)
Россия Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары тогуз миң тонна азык-түлүк жөнөттү. Бул туурасында Россиянын КРдеги элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратып берилмекчи.

"Россия Кыргызстанга 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды. Ал каражатка жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алынды. 25-ноябрда Бишкекте ун жана өсүмдүк майын тапшыруу аземи болуп, андан соң региондорго бөлүштүрүлөт. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда", — деп жазылат маалыматта.

Аны менен катар Россия өлкөдө тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча башка долбоорлорду дагы каржылоону уланта турганы белгиленет. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо дагы бар. Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 400 миң окуучу камсыздалган.

166
Белгилер:
азык-түлүк, гуманитардык жардам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия кимге кандай гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Маалымат картасы
Баткенде Өзбекстандын жардамы менен жугуштуу илдеттер ооруканасы курула баштады
Бишкекке Өзбекстандан гуманитардык жүк келди. Тизме
Турсунбек Жумабеков. Архив

Бүгүн дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетинен кайтты

0
(жаңыланган 23:08 24.11.2020)
Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон Турсунбек Жумабеков жарышка катышуудан баш тартып, арызын артка чакыртып алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен мамлекетти башкарууга ниеттенгендердин саны 47ге түштү.

Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

Эске салсак, шайлоого катышууга жалпы жонунан 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Ошентип Боршайком 63 атаандаштын документтерин кароого киришкен, алар менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

0
Белгилер:
каттоо, талапкер, шайлоо, БШК
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
БШК президент болом деген 12 талапкерди жарыштан четтетти
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду