Россиядан ПЦР-тест системасы алып келинди. Ал 50 миң анализ жүргүзүүгө жетет

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМосквичи с 16 июля могут бесплатно сдать тест на COVID-19
Москвичи с 16 июля могут бесплатно сдать тест на COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гумжардам биринчи вице-премьер Артём Новиков менен Роспотребнадзордун жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попованын жолугушуусунун жыйынтыгында берилген.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россиянын өкмөтү коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 500 комплект ПЦР-тест системасын берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, гуманитардык жардам иретинде келген жүктү делегация өкүлдөрү "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алган.

"Россия жиберген 500 комплект ПЦР-тест системасы 50 миң лабораториялык изилдөө жүргүзүүгө жетет. Эпидемиологиялык оор кырдаалда колдоо көрсөткөндүгү үчүн Россияга ыраазычылык билдиребиз", — деди Үсөнбаев.

Ситуация в Украине из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус бир адамдын өмүрүн алды. 129 бейтаптын абалы оор
Белгилей кетсек, буга чейин биринчи вице-премьер Артём Новиков Россияга иш-сапары менен барып, Роспотребнадзордун жетекчиси, башкы санитардык дарыгер Анна Попова менен жолуккан

Тараптар COVID-19 менен күрөш жана эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө сүйлөшкөн. Жолугушуунун жыйынтыгы менен Россия Кыргызстанга 50 000 ПЦР-тест системасын берип жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0