Бишкектеги ТЭЦ. Архивдик сүрөт

Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду

84
(жаңыланган 20:21 14.11.2020)
29-октябрда ордо калаада жарык жапырт өчүп, ТЭЦтен буу чыккан. Муну "Түндүкэлектр" ишканасы ТЭЦте авария болуп, жогорку вольттогу подстанция чыңалуусуз калган деп түшүндүргөн.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте ушул жылдын 29-октябрында жарыктын массалык өчүрүлүшүн иликтөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 29-октябрда, ордо калаада жарык жапырт өчүп, ТЭЦтен буу чыккан. Муну "Түндүкэлектр" ишканасы ТЭЦте авария болуп, жогорку вольттогу подстанция чыңалуусуз калган деп түшүндүргөн. Кийинчерээк ТЭЦтин директору Андрей Воропаев ЖЭБде авария болбогонун, жөн гана авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкканын билдирген.

Андан соң "Түндүк электр" ишканасы жарыктын массалык өчүшүнө 110 жогорку киловольттук кабелдер себепчи эмес экенин айткан.

"29-октябрда болгон авариялык өчүрүүнү иликтөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Учурда алар өчүрүүнүн себептерин териштирүүдө. Бул иш сапаттуу жана толук кандуу иликтениши үчүн комиссиянын иштөө мөөнөтү 25-ноябрга чейин узартылды", — деп жазылат маалыматта.

Териштирүү, иликтөө иштери жыйынтыкталган соң кошумча маалымат берилери айтылды.

84
Белгилер:
иликтөө, авария, жарык берүү, "Түндүк Электр" ишканасы, ТЭЦ
Тема боюнча
Энергетиктер Бишкек ТЭЦтеги азыркы кырдаал тууралуу айтып беришти
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео
Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

68
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

68
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив

Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

63
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр Ата көчөлөрүндө), "Арча-Бешик" (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана 55) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
63
Белгилер:
көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду
Массалык мушташ. Архив

Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу

0
(жаңыланган 22:21 03.12.2020)
Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлүп, бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген. Бирок интернетте андан көп барганы айтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрга караган түнү, Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

"Короче" Telegram-каналында ЦУМдун жанында милициянын тогуз унаасы өтүп бараткан видео жүктөлдү.

Бирок кайгуул кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерге үч экипаж гана жөнөтүлгөн.

"3-декабрга караган түнү саат 2:30да 102 кызматына ЦУМдун жанында массалык мушташ тууралуу кабар түшкөн. Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлгөн. Бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ токтотулуп, 15тей адам Свердлов райондук милициясына алып келинген. 

0
Белгилер:
унаа, милиция, мушташ, ЦУМ, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео