Коронавируска тест жасоочу система. Архив

Бишкек менен Чүйдө күч алууда. Коронавирус дагы 551 адамдан аныкталды

132
(жаңыланган 11:59 15.11.2020)
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери өпкөнү сезгенткен ооруну 66 504 адам жуктурганы расмий түрдө тастыкталды.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өлкөдө соңку бир сутканын аралыгында коронавирустан 474 бейтап айыгып чыкты. Бирок ошол эле маалда 551 адам ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:

  • Бишкек – 105;
  • Баткен облусу – 93;
  • Жалал-Абад облусу – 85;
  • Ош облусу – 67;
  • Чүй облусу – 43;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Ош шаары – 24;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 6.

Ушуну менен өлкө боюнча коронавирусту жеңип чыккандардын саны 57 321ге жетти.

COVID-19ду жуктуруп алгандар:

  • Бишкек – 147;
  • Чүй облусу – 104;
  • Жалал-Абад облусу – 77;
  • Ысык-Көл облусу – 62;
  • Баткен облусу – 54;
  • Ош облусу – 42;
  • Ош - 34;
  • Талас облусу – 25;
  • Нарын облусу – 6.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери өпкөнү сезгенткен ооруну 66 504 адам жуктурганы расмий түрдө тастыкталды.

Учурда 3318 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Алардын ичинен:

Канааттандыраарлык абалда – 55 адам;
Орточо оор абалда – 2148;
Оор абалда – 987;
Өтө оор абалда – 128.
Мындан сырткары 3 972 адам үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.

132
Белгилер:
статистика, жуктуруу, айыгуу, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1461)
Тема боюнча
Экөө Бишкектен. Өткөн суткада коронавирустан үч адам каза тапты
Кимдер коронавирустун оор формасына кабылбайт? Адистин пикири
Вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Туура эмес дарылаганбы? Сурабалдиева Жалал-Абаддагы 8 кишинин өлүмүн текшертет

32
(жаңыланган 14:35 05.12.2020)
Илдетке кабылган тогуз бейтапты жеке менчик клиникадан мамлекеттик аймактык ооруканага которушканы айтылат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда мамлекеттик аймактык ооруканага коронавирус илдети менен жаткырылган тогуз адамдын сегизинин өлүмү текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева Twitter баракчасына жазды. 

​Анын айтымында, бейтаптар протоколдо жазылган эреже менен дарыланган эмес.

"Коронавируска кабылган бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында протоколду карабай эле уккан-билген антибиотик, гормоналдык дарыларды иче берет. Жалал-Абадда жеке менчик клиникадан тогуз бейтапты мамлекеттик аймактык ооруканага которушкан. Анын ичинен сегизи каза болгон. Штабда муну териштирүүгө прокуратурага тапшырма берилди. Бул чоң жаңжал", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле оорунун алгачкы стадиясында эле антибиотиктерди бере бербей, организмге COVID-19 менен күрөшүүгө убакыт керектигин билдирди.

32
Белгилер:
Эльвира Сурабалдиева, өлүм, Жалал-Абад облусу, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген
Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты
COVID-19 вакцинасынын изилдөө иштери. Архивдик сүрөт

Кыргызстан ЕККУдан вакцина сатып алууга көмөктөшүүнү өтүндү

29
(жаңыланган 14:06 05.12.2020)
Вакцина баары үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Ошону менен бирге эле айрым мамлекеттердин да препаратты ыксыз көп сатып алуусуна жол бербөө керек.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри ЕККУну өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина сатып алууга жардам берүүгө чакырды.

ТИМдин маалыматы боюнча, Казакбаев 3-4-декабрь күндөрү ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин 27-жыйынына катышкан.

"Министр өз сөзүндө COVID-19га каршы вакцинанын жалпыга жеткиликтүү болушун камсыздоо маселеси курч экенин белгиледи. Мындан тышкары, препаратты элинин саны аз өлкөлөрдүн ыксыз көп сатып алуусуна да жол берилбеши керектигине токтолгон. Мындан улам ЕККУдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вакцинаны сатып алууга жардам берүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ооруга каршы бир катар вакцина иштелип чыккан, анын үчөө Россияга таандык. Жакында эле РФ президенти Владимир Путин үч вакцинаны тең ЖККУ өлкөлөрүнө жеткирүү маселеси жана биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген.

29
Белгилер:
коронавирус, Россия, ЕККУ, вакцина, Руслан Казакбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан референдум өткөрүүгө БУУдан техникалык жардам сурады