Дарыгер. Архив

Кыргызстанда кандай дарыгерлер даярдалат? Окутуучунун маеги

258
(жаңыланган 17:39 15.11.2020)
Пакистан КРдеги дарыгер даярдаган бардык ЖОЖдорду кара тизмеге киргизди. Биздин маектеш көптөн бери чет элдик студенттер билим алган окуу жайда сабак берет. Эмнеликтен ушундай жагдай жаралганын купуялуулук шарты менен айтып берди.

Ар жылы Кыргызстанга Пакистандан бир жарым миңдин тегерегинде студент келет, алардын саны жыл өткөн сайын өсүп жаткан. Негизинен пакистандыктар медициналык адистиктер үчүн келишчү, себеби алардын мекениндеги жогорку окуу жайларда бир жылдык билим акысы болжол менен 20 миң доллар турат. Ал эми Кыргызстанда 10 эсе арзан. Бирок эми баары өзгөрүшү мүмкүн: Пакистан республикабыздагы бардык медициналык окуу жайларды кара тизмеге киргизди. Эмнеликтен биздин окуу жайлар ушундай абалга кептелгенин түшүнүү үчүн ошол өлкөдөн келген студенттерге сабак берген окутуучу менен маек курдук.

— Кыргызстандан билим алып кеткен пакистандыктардын 90 пайызы өз мекенинде милдеттүү медициналык экзаменди тапшыра албасын укканда, анда бул жакта элди дарылап калган кыргызстандык студенттердин билим деңгээли эмне болду экен деп түйшөлдүм. Же пакистандыктардын билими биздин студенттердикине шайкеш эмеспи?

— Пакистан жана Индияда кандай тест тапшырарын болжолдуу түрдө билгендиктен, биздикине караганда аларда кыйла татаал деп айта алам. Жакшы окуганым менен мен деле өз убагында андай сынактан куламакмын.

Пакистанда медиктерге талап абдан жогору коюлат. Мисалы, аларда молекулярдык биология деген бар, бизде ал предмет берилбейт. Бул сабак башка предметтердин арасында калып кетти, анткени биз алигүнчө советтик билим берүү стандарттарын пайдаланабыз. Ал эми кандай өзгөртүү болбосун, чоң каражатты талап кылат.

Биздин өлкөдө анчалык актуалдуулугу жок башка дагы предметтер бар, маселен, паразитология. Кыргызстанда принцибинде мите курттар анчалык көп эмес, ошондуктан бул темага чоң көңүл бурулбайт. Ал эми тропикалык өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн бул чындап маанилүү. Чет өлкөлүктөргө караганда жергиликтүү студенттер үчүн да билим берүү системабыз абдан кейиштүү абалда экени айдан ачык. Кепти орус же кыргыз тилинде сабак берилген окуу жайларда окутуучулардын маянасы кандай экенинен баштайлы.

Айына 10 миң сом алган окутуучу толук берилип сабак өтпөйт. Тескерисинче, ага кандайдыр бир деңгээлде студенттин экзаменден кулап, окутуучуга пара менен келгени пайдалуу.

Албетте, мен аша чаап жаткандырмын, мындай көрүнүш абдан чанда кезигет. Бирок билишимче, мындай жаңжалдар биздин медициналык окуу жайларыбызда орун алган жайы бар.

Чет элдик студенттерге сабак берүү туурасында айтсак, андай нерсеге жол берилбейт. Бир нече окуу жайда иштедим, эгер коррупция жагдайы кезиксе деле биздин жергиликтүү университеттердегидей чоң эмес.

— Кыргызстанда билим алган студенттердин басымдуу бөлүгү экзаменден кулаганын сиз кандай кабыл алдыңыз? Же таң калган жоксузбу?

— Жок, биз андай болорун алдын ала билгенбиз, окутуучулардын баары андан эбак кабардар жана жагдайды өзгөртүү далалатында эле. Чындыгында бул сынакты пакистандык окуу жайларды деле аяктаган студенттердин 60-70 пайызы гана тапшыра алат.

Келиңиз, эмнеге алар бизди кара тизмеге киргизгени боюнча талдап көрөлү. Кыргызстанга кимдер келет? Көбүнесе өз мекениндеги окуу жайга тапшыруу сынактарынан (биздин ЖРТ сымал) кулагандар биздин өлкөгө бет алат. Демек, башынан эле алар биология, химия боюнча билими начар. Көпчүлүгү англис тилин да дурус билбейт! Андан тышкары, Пакистанда билим алууга бардыгынын эле дарманы жетпейт. Ал жакта билим берүүнүн деңгээли үй-бүлөнүн каржылык абалынан түздөн-түз көз каранды. Кыргызстанга Пакистанда арзан билим ала албагандар келет. Бул дагы роль ойнойт. Мында биздин окуу жайлардын да күнөөсү бар. Баары бул бизнес экенин жакшы түшүнүшөт, бирок экинчи жагынан билим берүү сапаты жана өз кадыр-баркы тууралуу да унуткарбоо абзел. Тилекке каршы, биздин окуу жайлардан студенттерди чанда окуудан чыгарышат. Анткени акчадан арылып калуудан чочулашат. Группада 12 эмес, 11 студент болуп калса, киреше азаяры түшүнүктүү эмеспи.

— Дегеле пакистандык абитуриенттер Кыргызстандагы окуу жайлар тууралуу кайдан кабардар болушат?

— Пакистанда студенттерди чет өлкөлүк окуу жайларга бөлүштүргөн атайын фирмалар бар.

— Пакистанда жана бизде медициналык билим алуу канча турат?

— Пакистанда бир жылдык окуу акысы 20 миң доллардын тегерегинде. Албетте, аларга эки миң доллар тегерегиндеги акы төлөп Кыргызстанга келип окуу пайдалуу, анткени бул абдан арзан. Айрым окуу жайларыбызда 4-6 миңге чейин чыгат. Кыргызстандык билим эң начар деп эсептелбесе да бул өтө төмөн баа. Бүгүн эле студенттерим менен сүйлөштүм, биздин окуу жайда окуп кеткен 10 кишинин ичинен жетөө пакистандык экзаменди тапшырыптыр. Пакистандыктар Грузия жана Украинага да билим алууга аттанышат, ал жакта жылдык окуу акысы орточо 8 миң долларды түзөт. Постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан менен Тажикстан да аларды кабыл алат, бирок эң төмөн баа Кыргызстанда.

— Кыргыз окуу жайлары "кара тизмеге" киргени тууралуу маалымат чыгары менен маалымат каражаттарынын көбү "акчаны күргүштөп алышат", ал эми билим сапатын жакшыртууга күч жумшагылары жок деп жазып чыгышты.

— Менимче, окуу жайлардын жетекчилери бул акчаларды чөнтөктөрүнө салып, вилла жана яхталарды сатып алууга сарптоого болбосун жакшы түшүнүп калышты. Азыр кирешенин баарын бизнеске салышат, анткени сапат гана туруктуу киреше алып келет.

Өзүңөр деле көз жүгүртүп көргүлө, биздин медициналык окуу жайлар ордолордон кем калышпайт. Алардын көпчүлүгү каражатты аябастан, өз кадыр-баркын жогорулатууга кам көрүшөт. Студент кезимде дарс проекторду колдонуу менен окулса деп кыялданар элем, азыр алардын даанасы 1000 доллардын тегерегинде болсо да, ар бир кабинетте турат.

Медициналык окуу жайларга коюлган негизги дооматтардын бири – бизде клиникалык базанын жоктугу. Кеп студенттер билимин тажрыйба менен бекемдей ала турган ооруканалар жөнүндө. Мисалга, экинчи курсту алалы: алар билимди стационарда алууга тийиш, анткени ал жакта бейтаптардын аягы үзүлбөйт. Улам тамырга ийне сайып, таңуу учурлары да көп болот.

Тилекке каршы, бизде клиникалык база болгону эки гана окуу жайда бар. Тагыраак, ошол эки окуу жай гана мамлекеттик клиникаларга өз студенттерин жөнөтө алышат. Эгер менчик окуу жайлардан кеп козгосок, анда алардын клиникалык базасы жеке медициналык борбор гана болушу ыктымал. Аларда бейтаптардын агымы анчалык жыш эмес. Бейтаптар бардык студенттерге жетпейт. Ушундай убактарда чет өлкөлүк студенттерибизге өз мекенинде клиникалык базаны табууну сунуштайбыз.

— Окутуучулардын маянасычы? Менин баамымда, өлкөбүздө алар арзыбаган айлыкка иштешет.

— Англис тилинде сабак өткөн окутуучулардын маянасы жаман эмес. Башка окутуучуларга караганда алар эки эсе көп маяна алышат. Анткен менен дүйнөнүн эч бир бурчунда ушундай жупуну маянага иштеген англис тилдүү окутуучуларды таппайсыздар. Албетте, эгер биз билим деңгээлин жакшыртууга умтулсак, ошого жараша айлык акы да көбөйүүгө тийиш.

— Пакистандык студенттердин баары тегиз англис тилин тийиштүү деңгээлде билбестигин айтып өттүңүз. Билишимче, бул көйгөйдү бөлөк өлкөлөрдө  мындайча чечишет: студенттер сабак башталардан бир нече ай мурун келип, тил окушат.

— Пакистандык студенттердин баары эле тил үйрөнүүгө бир жыл короткусу келбесе керек. Анын үстүнө алар окутуучуларга караганда англис тилин жакшыраак билет. Тилекке каршы, сабактарга даярданууга да тил деңгээли жетишерлик эмес студенттер да жок эмес. Кээде окутуучулар андай студенттерге унчугушпайт, эгер киши тил билбесе, дарска да түзүк кулак сала албайт, урунттуу учурларын илип алып, сабакка даярдана албасы анык эмеспи.

Айрым окуу жайларда англис, орус жана кыргыз тили, ошондой эле химия жана биология боюнча кошумча сабактар өткөрүлөт.

Чет өлкөгө окууга жөнөткөн фирмалар да ушул жагын эске алып, ким тил үйрөнүүгө тийиш, ким бир жылды текке коротпой дароо окуп кете аларына жараша студенттерди бөлүштүрсө оң болмок. Андай күндө деле, менимче, дал Кыргызстанда англис тилин үйрөнүүнүн кажети жок. Бизде англис тилдүүлөр анчалык деле арбын эмес.

— Окутуучуларчы? Бизде ансыз да жакшы, анан да англис тилинде иш алпарган адистер аз...

— Чындап эле сейрек. Негизги жумушунда аз акча алган врачтар билим берүү жаатына аралашат, англис тилин да иш башталарга аз калганда шашылыш үйрөнө калышат. Чындап келсе, алар англис тилинде сүйлөөнү иш учурунда үйрөнүшөт. Албетте, башта билим сапаты чабалдайт, бирок жарым жыл аралыгында такшалып, жакшынакай билим берип калышат.

— Чет өлкөлүк студенттер Кыргызстанда билим алууга олчойгон акча төлөшөт. Бул жакка келишет, батир ижаралашат, жергиликтүү кафелерде тамактанышат. Башкача айтканда, ар кандай жол менен биздин экономикага акча түшөт. Бирок айрым кыргызстандыктардын каарына калып, жаман мамилеге тушугат. Ушул кырдаалга кыжырданбай кое албайм.

— Чет өлкөлүк студенттерге карата тигил же бул түрдөгү жаман мамиле Кыргызстанга эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө мүнөздүү. Ким бирөө чет өлкөлүктөргө ашкере сыйчыл болсо, кээ бирөө орой мамиле кылат.

Эгер пакистандык студенттердин тоодо сабалышы боюнча айтып жатсаңыз, албетте, абдан кейиштүү көрүнүш. Бирок андай нерселер мурда деле болуп келген, болгону бул жолкусу элге жарыяланып калды. Бул туурасында студенттерим менен талкуулаганда алар мындай көп болорун жашырышпады. Айрыкча, аларга соода борборлорунун айланасында этият болууга туура келет. Ошентсе да, менимче, азыр бул мурдагыдан жеңилдей түштү. Студенттердин өздөрү да бул боюнча көп даттанбай калышты. Балким кыргызстандыктар маданий дендароолуктан өтүп, бөлөк улуттагы, башка формациядагы адамдар менен жанаша жашоого көнүп калышты.

— Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибергендей сезилбейби сизге? Биздин окуу жайлардын кайрадан ишенимге кириши кыйын го...

— Татаал маселе. Менимче, мында ар бир окуу жайга жекече кароо гана көмөкчү болот. Системаны жалпы эмес, ар бир мекемени өзүнчө баалоо зарыл. Баарын бир санай берген натуура.

Ушул тапта ар бир окуу жай пакистандык элчиликке жакшы билим берерин далилдөөгө, башкаларда начар окутарына ынандырууга ашыгат. Көптөгөн окуу жайларыбыз эл аралык аккредитациядан өткөнүн, башкача айтканда, өз деңгээлин дүйнөгө далилдей алганын эске алуу абзел. Эмнеге башкалардан улам алардын да аброю жабыр тартышы керек?

— Бизде канча жакшы, канча начар окуу жай бар?

— Айтыш кыйын. Он жыл мурун эле бардык окуу жайларыбызда билим сапаты начар болчу. Эч кандай жумушчу программа методикалык комплекстерибиз жок эле, адамдар советтик методикалык колдонмолорун англис тилине ыңгайлаштырууга гана тырышчу.

Акырындап абал оңолду, соңку жылдары сапат начарлабай, кайра жакшырганы анык. Эмнеге Пакистан дал азыр бизди "кара тизмеге" киргизгенин мен түшүнбөйм.

Ооба, акыркы жылдары медициналык окуу жайлар көп ачылды. Бирок жаңылардын баары жаман, эскилери жакшы дешке болбойт. Мен иштеп кеткен айрым эски окуу жайлар көп пайда алууга кынык алып калышкан, алар сапатты жакшыртууга басым жасашпайт. Анткени баары бир аларга студенттер келет. Дегеле окуу жайлардын жарымы өз ишин жакшыртууга, ал эми калган бөлүгү тек гана акча табууга ашыгат дээр элем.

258
Белгилер:
студент, кара тизме, медицина, окуу жай, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби
Ала-Тоо аянтына асмандан көрүнүш. Архивдик сүрөт

Бишкекке абанын сапатын текшерген датчиктер орнотулат

7
(жаңыланган 14:31 24.11.2020)
Датчиктерди орнотуу бекер болгондуктан шаардык бюджеттен каражат кетпейт. Долбоор шаардыктар үчүн да жеткиликтүү.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Бишкекке абанын сапатын текшерген датчиктер орнотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитет жарандар кандай аба менен дем алып жатканын билүү үчүн "Таза аба" долбоорун "Экологиялык чечимдер институту" менен биргеликте ишке киргизди.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө абанын булганышы былтыркы мезгилге салыштырмалуу 35-50 пайызга жогорулаган. Долбоордун алкагында 39 шайман сатып алынды. Бардык маалыматтар экологиялык ачык базага топтолуп, жарандар үчүн жеткиликтүү болот.

Датчиктерди орнотуу бекер болгондуктан шаардык бюджеттен каражат кетпейт.

"Картада жашыл менен белгиленген аймакта жашаган жарандар дагы үйүнө датчикти орното алышат", — дешти мэриядан.

Картаны шилтемеден көчүрүп алууга болот.

Датчиктин иши үчүн Wi-Fi жеткиликтүү болушу шарт. Шайман алууну каалагандар (0505)03-77-00 WhatsApp номерине же info@ecology.kg почтасына кат жазса болот.

Мэрия датчиктерди жамгыр менен күн нурун тоскон, тамеки жана ашканадан алыс жерге коюу керектигин эскертти.

Эң жакшы жер – бул короонун алды, ачык балкон жана башкалар. Жабдык айына 10 сомдук электр энергиясын жана 50 мегабайт интернет керектейт. Бул чыгымдарды долбоор төлөп бербейт.

7
Белгилер:
аба, датчик, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат
 Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев

Балбак Түлөбаев Октябрь районунун акимин дайындаганы үчүн кечирим сурады

28
(жаңыланган 14:23 24.11.2020)
Райондун башчысы бир ай мурда дайындалган. Бүгүн ал өлкөнүн Финансы полициясы тарабынан пара алууга шектелип кармалды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Октябрь районунун акими кызматына Константин Куценкону дайындаганы үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ноябрь айынын башында дайындалган аким кечээ, 23-ноябрда, коррупцияга шектелип Финпол тарабынан кармалган.

Түлөбаев ал кишини кылдат текшербей туруп кызматка алганы үчүн өзүн айыптуу сезип жатканын белгиледи.

"Октябрь районунун акими Куценкону текшербей кызматка алганым үчүн кечирим сурайм. Ниетибиз түз, оюбузда жамандык жок эле. Бирок ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес. Мындан ары абайлап, сак болобуз", — деп билдирүү калтырган ал.

Мэрдин милдетин аткаруучунун бул постуна катталуучулар акимдик кызмат орунга талапкерлерди сунуштап жатышат.

28
Белгилер:
Бишкек, суроо, кечирим, Балбак Түлөбаев
Тема боюнча
Соцфонддун аппарат жетекчиси кол алдындагылардан акча жыйнаган деп кармалды