Дарыгер. Архив

Рактын жалган белгиси менен чыныгы симптомун айырмалоо ыкмасы айтылды

92
Онколог-дарыгер элди интернеттен ар кыл маалыматтарды окуп алып эле өзүнөн рактын белгилерин издеп, "таба берүүдөн" алыс болууну эскертет.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Хирург-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Михаил Мяснянкин рак илдетинин жалган белгиси менен чыныгы симптомун айырмалоодогу ыкма тууралуу айтып берди. Бул боюнча РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, пациенттерге кээ бир учурда алдын ала эле рак туурасында диагноз коюп, бирок ал тастыкталбаган учурлар кездешет. Дарыгердин жаңылыш бүтүм чыгарышына онкомаркердин көбөйтүлгөн көрсөткүчү себепкер болот. Мындай ката жыйынтыкка кабылып калп жерден жүрөк үшүтпөйм десеңиз, бир нече адиске кайрылган жакшыраак болот.

"Кээде патоморфолог "шишиктин шеги бар" деп жазат. Албетте, пациент мындай диагнозду укканда жаман боло баштайт. Бул жерде кырдаалды туура баалоого экинчи адистин пикири жардамга келет. Ал таптакыр башка нерсени, залалсыз процесс туурасында айтышы мүмкүн", — деди Мяснянкин.

Мындан сырткары, онколог россиялыктарды, элди интернеттен окуп алып эле өзүнөн рактын белгилерин издеп, "таба берүүдөн" алыс болууну эскертет.

"Силерге туура дарылоону жазып, сунушталган иликтөөнү айтып берет, ал үчүн сөзсүз адистерге кайрылгыла", — дейт дарыгер.

Мяснянкин адамдарды "ден соолугум жакшы болбойт турат" деген ой менен шектенип, өзүнө-өзү диагноз коюудан алыс болууну катуу эскертти.

92
Белгилер:
рак, диагноз, Кыргызстан
Тема боюнча
Эркектерди мезгилсиз өлүмгө кептеген себептер айтылды. Изилдөө
Чай рактын жаралышына себепкер. Дарыгердин эскертүүсү
Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг учурунда. Архив

УКМК Жапаровдун тарапташтары коркутуп жатат делген маалыматка көңүл бурду

13
(жаңыланган 15:34 28.11.2020)
Коркутуулар боюнча Жарандык көзөмөл комитетинин активисттери билдиришкен. Алардын айтымында, Жапаровдун тарапташтары конституциялык реформага каршы пикирин айткан коомдук ишмерлерди коркутуп жатышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары делген адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат деген маалыматка реакция кылды.

Коркутуулар боюнча Жарандык көзөмөл комитетинин активисттери билдиришкен. Алардын айтымында, Жапаровдун тарапташтары Конституциялык реформага каршы пикирин айткан коомдук ишмерлерди коркутуп жатышат. Активисттер мындай фактыларды жаздырып алып, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырышкан.

"УКМК өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык тараптарды кызматташууга чакырат. Ал үчүн кандайдыр бир коркутууга дуушар болгондор далили менен укук коргоо органдарына кайрылуусу керек. Комитет чагымчылдык маалыматтарды тараткан жарандар мыйзам чегинде жооп берерин эскертет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, УКМК президенттикке талапкер болууга аракет кылып, бирок соттуулугу жоюлбагандыгы үчүн документтери кайтарылган Бектур Асановдун билдирүүсүнө баа берди.

Анда "Асанов эмоцияга алдырып, социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын беделине шек келтирди, бул үчүн жоопкерчилиги каралышы мүмкүн" деп жазылган.

13
Белгилер:
пикир, билдирүү, УКМК, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды
Жолдогу автоунаа. Архив

Кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Министрлик жолдогу абал тууралуу

65
Мекеме айдоочуларды унаалардын дөңгөлөгүн кышкысына алмаштырууга жана каршы тилкеге чыгып, жол тыгынын жаратпоого чакырат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жетти. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлиги аба ырайынын шарттарына байланыштуу жолдордогу абал тууралуу маалымат берди.

  • Ситуация на трассах Кыргызстана из-за ухудшения погоды и снегопада
    Бишкек — Ош жолунда кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жетти
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
  • Ситуация на трассах Кыргызстана из-за ухудшения погоды и снегопада
    Учурда жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларындагы трассаларга инерттүү материалдарды сээп, жолдорду тазалап жатышат. Бишкек — Ош жана Талас — Суусамыр автожолдору ачык, тыгын жок.
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
1 / 2
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
Бишкек — Ош жолунда кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрге жетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин шашылыш билдирүү тараткан.

Учурда жолчулар Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларындагы трассаларга инерттүү материалдарды сээп, жолдорду тазалап жатышат. Бишкек — Ош жана Талас — Суусамыр автожолдору ачык, тыгын жок.

Бороонго карабастан Долон (Бишкек — Нарын — Торугарт) жана Чапчыма (Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка) ашууларынын тайгак участкаларына да атайын каражаттарды себүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочуларга жайкы дөңгөлөк менен жолго чыкпоого, трассаларда сак болуп, унаалардын арасындагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Мындан сырткары, тыгындарды пайда кылбаш үчүн каршы тилкеге чыкпоо эскертилди.

65
Белгилер:
Кыргызстан, Транспорт жана жолдор министрлиги, тазалоо, кар
Тема боюнча
Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди
Мушкер. Архив

ММА мушкери атаандашын башка тээп нокаутка түшүргөн видео

16
(жаңыланган 15:42 28.11.2020)
Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Польшалык ММА мушкери Камиль Онищук атаандашын сулата тээп бүк түшүрдү. Мындай кызыктуу учурду ACA MMA уюму өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Польшанын Лодзе шаарында өткөн ACA 114 мелдешинде Камиль Онищук жердеши Кристиан Бельски менен кез келип, тик турган абалда анын баш тушуна тээп кулаткан.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндөгү Бельскинин үстөмдүгүнө карабастан Онищук үчүнчү раундда сол буту менен катуу тепкен. Бул соккуга даяр эмес болгон Бельски тик турган жеринен канваска кулаган.

Калыс заматта беттешти токтотуп, жеңишти Камиль Онищукка ыйгарган. Промоушен да анын нокаутун баалап, бонус берген.

Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

16
Белгилер:
ММА, нокаут, беттешүү
Тема боюнча
Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео
Ай-буйга келтирбей, үч секундада жыга чапты. АКШдагы беттештин видеосу