Кечээтен бери 20 медиктен COVID табылды. Экөө ооруну кызыл зонадан илештирген

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ГКБ № 15 имени О. М. Филатова
Госпиталь COVID-19 в ГКБ № 15 имени О. М. Филатова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 735 учур катталды.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кечээтен бери өлкө боюнча 20 медиктен коронавирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге ылайык, алардын ичинен эки медкызматкер ооруну кызыл зонада иштеп жүрүп жуктурган.

Коронавирус табылган медиктердин саны:

  • Баткен облусу – 2;
  • Бишкек шаары – 7 (кызыл зонадан бирөө);
  • Чүй облусу – 3 (кызыл зонадан бирөө);
  • Ош шаары – 1;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Талас облусу – 3.

Ошол эле учурда өткөн суткада стационардан үч, үй карантининен алты медик чыгарылганы айтылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 735 учур катталды. Анын ичинен 3 499 ак халатчан сакайды.

Жаңылыктар түрмөгү
0