Каттуу шамал. Архивдик сүрөт

Сак болуңуздар! Бишкек менен Чүйдө жакынкы аралыкта катуу шамал болот

163
(жаңыланган 10:37 16.11.2020)
Автоунааларды дарактардын жана жеңил конструкция менен курулган объектилердин жанына токтотпоо сунушталат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы бир саат аралыгында Чүй облусу менен Бишкек шаарында катуу шамал боло турганын эскертти. 

Маалыматка караганда, бир саат аралыгында жана күндүз батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

163
Белгилер:
Чүй облусу, Бишкек, шамал, ӨКМ
Тема боюнча
Жамгыр жаап, кар түшөт. Бир жумага карата аба ырайы
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

38
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

38
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив

Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

42
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр Ата көчөлөрүндө), "Арча-Бешик" (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана 55) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
42
Белгилер:
көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду