Бүгүн Бишкекте аба адаттан тыш булганат

© Sputnik / Акылбек БатырбековПроблема со смогом над Бишкеком
Проблема со смогом над Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологдордун айтымында, адатта күн сууктаганда абанын булганган массасы жерде калат. Анткени атмосферанын үстүнкү бети жылуу болуп, аба өйдө көтөрүлө албайт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкекте абанын булгануу деңгээли жогору болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.

"Аба бассейнинде зыяндуу заттардын тарап жок болуп кетишине тоскоолдук кыла турган метеорологиялык начар шарт түзүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу абанын кирдеши күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Экологдордун айтымында, адатта күн сууктаганда абанын булганган массасы жерде калат. Анткени атмосферанын үстүнкү бети жылуу болуп, аба өйдө көтөрүлө албайт. Мындай көрүнүш температура инверсиясы деп аталат.

Экологдор Бишкектин абасын от жаккан жер үйлөрдөн чыккан түтүн менен автоунаалардын газы булгап жатканын кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0