Коронавирус жуктургандарды кабыл алган ооруканалар. Бош орундардын саны

© Фото / PixabayСитуация с местами для пациентов в больницах Бишкека из-за коронавируса
Ситуация с местами для пациентов в больницах Бишкека из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл алган кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы менен Улуттук хирургия борборунда орун жок.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

16-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, тогуз ооруканада 99 бош орун бар. Ал эми коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл алган кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы менен Улуттук хирургия борборунда азырынча орун жок.

  • Улуттук фтизиатрия борбору — 1;
  • Улуттук госпиталь — 25;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 3;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 11;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 9;
  • Темир жол ооруканасы — 7;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 25;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 11;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 7.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган учурлардын саны 66 983кө жетип, анын ичинен 57 760 бейтап ооруну жеңген. Тилекке каршы, дарт 1 203 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0