23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады

© AFP / HOАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин натыйжасында, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

Маалыматка караганда, Финансы полициясы товар сатып алууга жумшала турган төлөм деген шылтоо менен чет мамлекетке 23 миллион долларды (1 миллиард 633 563 970 сом) чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишине бөгөт койду.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин кесепетинен, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. 12-ноябрда акчаны сыртка чыгарууну жүзөгө ашырып келген деп шектелип Т.М. аттуу жаран кармалды", — деп айтылат маалыматта.

14-ноябрда кармалган адамга карата №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза чарасы колдонулду.

Азыркы убакта иш тергелип жатат. Жогоруда аталган схемага тиешеси бар кызмат адамдары менен акчанын кайдан алынганы аныкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0