Киши спичка менен караңгыда турат. Архив

Эртең Бишкектин 45 көчөсүндө жарык өчөт. Тизме

180
(жаңыланган 16:38 16.11.2020)
Адистердин бригадасы трансформатордук көмөк чордон менен үйлөрдүн ичиндеги жабдууларды текшерип чыгышат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Эртең, 17-ноябрда, Бишкектин 45 көчөсүндө жарык өчө турганын "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Адистердин бригадасы трансформатордук көмөк чордон менен үйлөрдүн ичиндеги жабдууларды текшерип чыгышат. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган көчөлөрдүн тизмеси:

  • 09:00-14:00 —Элебесов, Фере, Эне-Сай, Арал, Скрябин, Днепропетровский көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Памир, Новостроевский жана Бий туюк көчөлөрү;
  • 09:30-13:00 — Ак-Өргө (От-Араба, Камбаркан, Саадак, Жетиген көчөлөрү), Арча-Бешик (Эшпай, Сары-Камыш, Торгой, Абаданов) конуштары;
  • 09:30-18:00 —"Ак-Босого" (Чүй 48, Чүй 52, Чүй 53, Чүй 54, Чүй 55, профессор Зима, Манас, Саадаев көчөлөрү), Алтын-Ордо конуштары;
  • 10:00-15:00 — Баялинов, Федоров, Малиновая көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 10:00-17:00 — Армавирский жана Салиева көчөлөрү;
  • 11:00-17:00 — Көлмө (Дастан, Тынчтык, Сейил, Козу-Баглан, Жийделүү, Алтын-Бешик көчөлөрү) конушу;
  • 11:00-17:00 —Карадарыя жана Жантөшев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 13:00-17:00 — Циолковск, Кривоносова, Айни көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Арча-Бешик (Матисаков, Ош-3000, Масыралиев, Ысык-Көл көчөлөрү) конушу.
180
Белгилер:
"Түндүк Электр" ишканасы, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин Жал кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтоду
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

15
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

15
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Парктагы кишилер

Ишембиге карата аба ырайы

47
(жаңыланган 22:26 27.11.2020)
28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас өрөөнүндө -4...+1 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда 1...6, Нарын жергесинде -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын башы 0...+2 градуска жетет.

47
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт