БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда кечээтен бери 486 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 555 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталган.
Жуктургандар:
- Бишкек – 143;
- Ош – 22;
- Чүй облусу – 137;
- Ош облусу – 32;
- Талас облусу – 18;
- Нарын облусу – 7;
- Ысык-Көл облусу – 42;
- Жалал-Абад облусу – 49;
- Баткен облусу – 36.
Айыккандар:
- Бишкек – 140;
- Ош шаары – 15;
- Чүй облусу – 92;
- Ош облусу – 72;
- Талас облусу – 18;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 90;
- Баткен облусу – 72.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 67 469га жетти. Анын ичинен 58 315 киши айыгып, 1 207 адам көз жумган.