Бейтапты караган медиктер.Архивдик сүрөт

15 медиктин экөө COVID-19ду кызыл зонадан жуктурган. Өлкө боюнча соңку маалымат

55
(жаңыланган 11:44 17.11.2020)
Жалпысынан республика боюнча COVID диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 750 учур катталды, алардын ичинен 3 505 медик сакайды.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 15 медиктен аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, жаңы катталган учурлардын ичинен эки медик ооруну кызыл зонадан илештирген.

Коронавирус табылган медиктердин саны:

  • Баткен облусунда – 3;
  • Бишкек шаарында – 3;
  • Чүй облусунда – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 4 (кызыл зонадан 1);
  • Талас облусунда – 3 (кызыл зонадан 1).

Бир суткада стационардан алты медкызматкер айыгып чыкканы айтылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 750 учур катталды, алардын ичинен 3 505 медик сакайды.

55
Белгилер:
бейтап, оору, медик, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2415)
Тема боюнча
Коронавирус 486 кишиден табылды. 17-ноябрдын статистикасы
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

106
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

106
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Парктагы кишилер

Ишембиге карата аба ырайы

87
(жаңыланган 22:26 27.11.2020)
28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө -3...+2, Талас өрөөнүндө -4...+1 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -3...+2, Ысык-Көл ойдуңунда 1...6, Нарын жергесинде -4...+1 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында абанын башы 0...+2 градуска жетет.

87
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
Шашылыш билдирүү! Дем алыш күндөрү кар жаайт