Сентябрдан тарта канча окуучу коронавирусту кайдан жуктурган? Министрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековНачало учебного года для первоклассников в Бишкеке
Начало учебного года для первоклассников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок. Бардыгы үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушканы маалым болду.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйыны учурунда мектеп жашындагы балдар арасында сентябрдан бери COVID-19 менен канча учур катталганын айтты.

Министрдин берген маалыматы боюнча, октябрда көп окуучудан коронавирус табылган.

"7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында сентябрь айында жалпы 48 учур катталган. Октябрь айында  6,5 эсеге жогору болуп, 315 учур аныкталган. Ал эми 16-ноябрга карата 157 учур табылды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок. Бардыгы үй-бүлө мүчөлөрүнөн илештирген", — деди министр.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 67 469га жетти. Анын ичинен 58 315 киши айыгып, 1 207 адам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0