Түндүк-түштүк жолу. Архивдик сүрөт

Министрлик түндүк-түштүк жолу качан курулуп бүтөрүн маалымдады

379
(жаңыланган 12:38 17.11.2020)
Адистин берген маалыматына караганда, алты жыл мурда курула баштаган жол үч фазага бөлүнгөн. Анын эки фазасы боюнча иштер аткарылып жатса, үчүнчүсү башталуу этабында турат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулуш иштери 2023-жылы толук аяктаары күтүлүүдө. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча министрликтин алдында түзүлгөн топтун мониторинг жана коомчулук менен байланыш түзүү боюнча адиси Тагай Алимбаев билдирди. Адис Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда ири жолдорду салуу жана оңдоо" жөнүндөгү онлайн-брифингге катышты. 

Специалист по мониторингу и связям с общественностью группы реализации инвестиционных проектов Азиатского банка развития при Министерстве транспорта и дорог Тагай Алимбаев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Мээрим Догдурбекова
Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Министрликтин алдында түзүлгөн топтун мониторинг жана коомчулук менен байланыш түзүү боюнча адиси Тагай Алимбаев

Анын айтымында, жол куруу долбоору үч фазага бөлүнүп, иш 2014-жылы башталган.

"Биринчи фазанын ишин China Road and Bridge Corporation компаниясы аткарып жатат. Алар 125 чакырымдык жол менен 3800 метрге созулган тоннелди салышы керек. Учурда ишкана 117 чакырым жолду асфальттап, тоннелдин 2800 метрин бүтүрдү", — деди Алимбаев.

Ал белгилегендей, экинчи фазанын алкагында 99 чакырымдык жол жана эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат. Учурда иштин 85 пайызы аяктап калды. Тагыраагы, 74 чакырымдык жол салынса, көпүрөнүн бири 90, экинчиси 70 пайызга бүткөрүлдү. Ал эми үчүнчү фазанын иши башталуу этабында турат.

"Үчүнчү фазада долбоор үч бөлүккө бөлүнгөн. Анын биринчи бөлүгү боюнча иштер келерки жылы башталат. Экинчисинде италиялык компания асфальт төшөө үчүн жолду даярдоодо. Үчүнчү бөлүктө дагы иштер эми гана башталып жатат", — деди Алимбаев.

Адистин айтымында, нормага ылайык, биринчи капиталдык оңдоо иштерине чейин жол 18 жыл кызмат кылышы керек.

379
Белгилер:
жол, түштүк, түндүк, Кыргызстан
Тема боюнча
БУУ Кыргызстанга 25 млн. доллар берүүгө камынууда. Каражат кайда жумшалат
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

ӨКМ жолдордо жылынуучу пунктуларды уюштурду. Сүрөт

3
Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдар, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарт түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган.

Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.

3
Белгилер:
жол, кар, чукул кырдаал, ӨКМ
Тема боюнча
Кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Министрлик жолдогу абал тууралуу
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео
Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг учурунда. Архив

УКМК Жапаровдун тарапташтары коркутуп жатат делген маалыматка көңүл бурду

31
(жаңыланган 15:34 28.11.2020)
Коркутуулар боюнча Жарандык көзөмөл комитетинин активисттери билдиришкен. Алардын айтымында, Жапаровдун тарапташтары конституциялык реформага каршы пикирин айткан коомдук ишмерлерди коркутуп жатышат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары делген адамдар тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат деген маалыматка реакция кылды.

Коркутуулар боюнча Жарандык көзөмөл комитетинин активисттери билдиришкен. Алардын айтымында, Жапаровдун тарапташтары Конституциялык реформага каршы пикирин айткан коомдук ишмерлерди коркутуп жатышат. Активисттер мындай фактыларды жаздырып алып, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырышкан.

"УКМК өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулукту сактоо үчүн бардык тараптарды кызматташууга чакырат. Ал үчүн кандайдыр бир коркутууга дуушар болгондор далили менен укук коргоо органдарына кайрылуусу керек. Комитет чагымчылдык маалыматтарды тараткан жарандар мыйзам чегинде жооп берерин эскертет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, УКМК президенттикке талапкер болууга аракет кылып, бирок соттуулугу жоюлбагандыгы үчүн документтери кайтарылган Бектур Асановдун билдирүүсүнө баа берди.

Анда "Асанов эмоцияга алдырып, социалдык тармактын айрым колдонуучуларынын беделине шек келтирди, бул үчүн жоопкерчилиги каралышы мүмкүн" деп жазылган.

31
Белгилер:
пикир, билдирүү, УКМК, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды