Бишкек-Кара-Балта жолунун бөлүгүн куруу учурунда. Архив

Быйыл да калды. Жооптуу адис Бишкек Кара-Балта жолу качан бүтөрүн айтты

133
(жаңыланган 14:01 17.11.2020)
Башында 2020-жылдын октябрь айында автоунаа жолун толугу менен куруп бүтүп, пайдаланууга берүү пландалган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштерин 2021-жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Траснпорт жана жолдор министрлигинин алдында түзүлгөн топтун мониторинг жана коомчулук менен байланыш түзүү адиси Тагай Алимбаев билдирди.

Адис Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда ири жолдорду салуу жана оңдоо" аттуу онлайн-брифингге катышты.

Алимбевдин айтымында, алгач жолду 2020-жылдын октябрь айында куруп бүтүү пландалган.

"Жолго асфальт төшөө иштери 2021-жылдын июнь айында аяктаары күтүлүп жатат. Долбоор толугу менен 2021-жылдын ноябрь айында бүтөт", — деди Алимбаев.

Ал курулуштун кечеңдешине пандемия жана техникалык жактан келип чыккан көйгөйлөр таасир эткенин кошумчалады.

"Карьер үчүн жер алуу маселеси создугуп жана таш майдалоочу техниканы орнотуу үчүн жер тилкесин аныктоо кыйынчылык жаратты. Ошондой эле шагыл төшөө ыкмасын алмаштырууга туура келди. Жогоруда аталган жагдайлар менен бирге коронавирус пандемиясы курулуштун мөөнөтүнө таасирин тийгизди", — деп түшүндүрдү адис.

Белгилей кетсек, Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо иштери мындан үч жыл мурун башталган.

133
Белгилер:
жол куруу, кечигүү, асфальт, Кара-Балта, оңдоо
Тема боюнча
Кар жаагандан кийин Бишкектин жолдоруна 413 тонна туз себилди
Россиянын президенти Владимир Путин

Путин келерки жумада коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүнү тапшырды

19
(жаңыланган 20:31 02.12.2020)
2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин вице-премьер Татьяна Голиковага келерки жумадан тарта коронавируска каршы масштабдуу эмдөөнү баштоону тапшырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды

​Эске салсак, буга чейин БУУдагы Россиянын атайын өкүлчүлүгү жана Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын бет ачарын өткөрөрү айтылган.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19
"Спутник V": COVID-19га каршы вакцина" деп аталган виртуалдык иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын атайын комиссиясынын аймагында өтөрү маалымдалган. Отурумда россиялык бул препарат боюнча кенен маалымат берилмекчи.

2020-жылдын август айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дүйнөдөгү алгачкы вакцина катары Гамалея атындагы илимий борбордо жасалган "Спутник V" препаратын каттоого алган. Октябрда дагы бир "ЭпиВакКорона" аттуу вакцина тууралуу жарыяланган. Анын Новосибирскидеги "Вектор" борборунда иштелип чыкканы маалым.

19
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия
Тема боюнча
Коронавирус G20 саммитин бузду. Батыш башканын вакцинасын батырбайт
Путин Кыргызстан, Беларусь жана Карабахтагы окуялар боюнча оюн айтты
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов

Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады

41
(жаңыланган 19:04 02.12.2020)
Мамытовдун айтымында, бүгүн Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташты жана Кыргызстан эл аралык милдеттерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толугу менен аткарууга даяр.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары президенттик шайлоонун таза өтүшүнө колдон келген салымын кошот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУ саммитинде айтты.

"Кесиптештерим ансыз деле таза шайлоонун канчалык маанилүү экенин түшүнүп турушат. Бүгүн биз 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу каталарды кайталабаш үчүн туура багытты тандашыбыз керек", — деди Мамытов.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташты, Кыргызстан эл аралык милдеттерин, эки жана көп тараптуу келишимдерди толугу менен аткарууга даяр.

"10-январда президенттик шайлоо өтөт. Анда Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдары президенттик шайлоонун таза өтүшүнө колдон келген салымын кошот деп ишендирип койгум келет. Бул өлкөдөгү мындан аркы туруктуулукка маанилүү кадам болуп эсептелет", — деди өлкө башчынын милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ЖККУ мамлекеттеринин лидерлерине 5-6-октябрдагы окуяларды түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

41
Белгилер:
президенттик шайлоо, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

Конституциялык палата ЖКнын мөөнөтүн 7 айга узартууга кантип макул болду? Видео

0
(жаңыланган 20:56 02.12.2020)
Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттин мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Бул чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт деп билдирди.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Конституциялык палата даттануучулар "Реформа" партиясынын төрайымы Клара Сооронкулованын жана жарандар Нурбек Касымбековдун, Таалайбек Усубалиевдин жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн жүйөсүн укту. Ошондой эле президенттик аппарат менен Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү дагы позициясын айтышты.

Андан соң судьялар кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетип беш сааттан кийин келди.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

Комиссиянын корутундусунда азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде конституциялык реформаны жүргүзө албай турганы белгиленген. Ошондой эле конституциялык мыйзам токтоп, шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына жана демократиялык оюндун эрежелери бузулганына кабатырланган.

Жыйында тараптар кандай жүйө келтиргенин кийинки материалдан окуңуз.

0
Белгилер:
мөөнөт, парламент, чечим, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди