Бир суткада коронавирус 425 кишиден табылды. Анын 14ү медик

© Sputnik / Андрей Каспришин / Медиабанкка өтүүНовоалтайский ковидный госпиталь
Новоалтайский ковидный госпиталь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус Чүй менен Бишкек шаарында көп катталган. Ал эми медиктердин ичинен бирөө коронавирусту кызыл зонада иштеп жүрүп илештирип алган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 425 кишиден табылып, 531 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге ылайык, коронавирус бир сутка ичинде кечээкидей Чүй менен Бишкек шаарында көп катталган.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 13;
  • Чүй облусу – 117;
  • Ош облусу – 50;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 55;
  • Жалал-Абад облусу – 35;
  • Баткен облусу – 29.

Айыккандар:

  • Бишкек – 146;
  • Ош шаары – 15;
  • Чүй облусу – 93;
  • Ош облусу – 69;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 51;
  • Жалал-Абад облусу – 71;
  • Баткен облусу – 59.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 67 894кө жетсе, анын ичинен 58 846сы айыкты. Тилекке каршы, оору 1 212 адамдын өмүрүн алган.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Анын ичинен бирөө кызыл зонадан жуктурган.

  • Баткен облусунда – 3;
  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ысык-Көл облусунда – 8;
  • Жалал-Абад облусунда – 2 (кызыл зонадан 1).

Ошол эле маалда стационардан төрт, үй карантининен беш медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0