Эт. Архив

Ветинспекция: акыркы убакта эт менен сүттөн антибиотиктер аныкталууда

434
(жаңыланган 15:02 18.11.2020)
Ырсалиев кыргызстандык фермерлерден антибиотик менен дарылап жаткан малдын этин жана сүтүн сатпай турууну өтүндү.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Акыркы убакта эт менен сүттөн антибиотиктер көп аныкталууда. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Ырсалиев билдирди.

Начальник Управления государственного ветеринарного надзора Государственной инспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Толон Ырсалиев
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Ырсалиев

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн "COVID-19дун антибиотиктерди пайдаланууга таасири — кандай чара көрүү керек" аттуу онлайн-брифингде сүйлөгөн.

Ырсалиевдин айтымында, Ветинспекция мындай тенденция менен күрөшүүдө.

"Аыркы убакта, тилекке каршы, сүт менен эттен антибиотик аныкталып жатат. Базарларда сапаты төмөн азык-түлүк көбөйүп кетти. Биз да бир орунда турган жокпуз, ветеринардык дарыканаларды каттоодон өткөрүү жана ветеринардык каражаттарды рецепт менен сатуу каралган долбоорлорду иштеп чыгуудабыз", — деди ал.

Ырсалиев ошондой эле кыргызстандык фермерлерден аң-сезимдүүлүк менен мамиле кылууну өтүндү.

"Антибиотиктерди дарыгердин айтуусу менен көрсөтүлгөн ченемде пайдалануу зарыл. Айрым фермерлер малын дарылап жатып деле сүтүп сатып жатышат. Мындай болбошу керек, эт менен сүттө микробдорго каршы препараттар жок болмоюнча күтүш керек", — деди башкармалыктын жетекчиси.

Ырсалиев Кыргызстанда азык-түлүк продукциясына мониторинг жүргүзүү программасы иштеп жатканын белгиледи. Ага ылайык, инспекторлор тарабынан алынган үлгүлөр эл аралык стандартка төп келген лабораторияларга жөнөтүлүп турат.

434
Белгилер:
ветеринар, базар, фермер, эт, Сүт, мал, инспекция
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2430)
Тема боюнча
Сооронбаев: зарыл болбосо алдыдагы суук айларда сыртка чыкпай эле коюңуздар
Жусупов: мал кармаган короону жылына эки жолу дезинфекциялаш керек
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

137
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

137
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөр. Архив

Бишкектин айрым жерлеринде 4-декабрда жарык жок болот. Тизме

91
Жарык борбор калаанын төрт конушу менен ондон ашуун көчөсүндө өчүрүлөт. Монтаждоочу бригада электр тармагынын ишин жакшыртмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда эртең, 4-декабрда, электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы кабарлады.

Жарык жок болот деген жерлер:

  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Карасаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн айрым жерлеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Древесная көчөсү менен Эстония тилкесинин кесилишинде;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Кара-Балта, Коммунаров, Жаз көчөлөрүнүн жана Ала-Тоо (Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Камыр Ата көчөлөрүндө), "Арча-Бешик" (Бердибаева, Сулуу-Төр, Садырбаева, Ойсул-Ата көчөлөрүндө), Ак-Босого (Чүй 52 жана 55) жаңы конуштарынын айрым жерлеринде.
91
Белгилер:
көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги авариялык өчүрүү боюнча комиссия түзүлүп, ишти иликтемей болду
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

59
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

59
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме