Бишкектин айрым жеринде 19-ноябрь күнү суу болбойт

© AFP / MARTIN BERNETTIКыз сууну идишке толтуруп жатат. Архив
Кыз сууну идишке толтуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн элден кечирим сурап, ичүүчү сууну запастап алууну өтүнөт.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Эртең, 19-ноябрда, Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлө турганын мэрия билдирди.

"Саат 9.00дөн 20.00гө чейин Абдрахманов, Фрунзе, Сүйүмбаев көчөлөрү жана Жибек жолу проспектиси менен чектешкен райондо суу болбойт", — деп айтылат маалыматта.

Суунун өчүрүлүшү "Киров" суу кампасындагы оңдоп-түзөө жана шаардын суу түтүктөрүн кышка даярдоо иштерине байланыштуу экени белгиленди. 

"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну запастап алууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0