Министрлик: студенттер Бельгияда стипендиялык программа менен окуй алышат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Брюссель
Города мира. Брюссель - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик 2021-2022-окуу жылында тапшыра алчу магистрдик программаларды тизмектеп, алардын расмий сайттарын жарыялаган.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык студенттер Бельгия Королдугунда стипендиялык программа боюнча билим ала алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлик 2021-2022-окуу жылында тапшыра алчу магистрдик программаларды тизмектеп, алардын расмий сайттарын жарыялаган. Алар:

  • Жер кыртышы жана глобалдык өзгөрүүлөр (IMSOGLO): https://imsoglo.eu;
  • Ресурстарды туруктуу жана инновациялык башкаруу (SINReM): https://sinrem.eu;
  • Аквамаданиятта ден соолукту көзөмөлдөө (AquaH): www.ugent.be;
  • Айыл жерин өнүктүрүү: www.imrd.ugent.be.
"Ар бир программа боюнча көрсөтүлгөн сайттарга кирип, керектүү маалыматтар менен таанышып, жол-жобосун биле аласыздар", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлик магистрдик программаларга Кыргызстандын бардык жарандары тапшыра аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0